www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 8-июнь күнү саат 11:00дөГапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн “Айтматов ааламы"көргөзмө-сынагы өз эшигин ачат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызпатенттин басма сөзкатчысы билдирди.

Иш-чара “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  бекитилген Чыңгыз Айтматовдун 90  жылдыгын  улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, Кыргыз Республикасынын заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде чагылдырып жайылтууболуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылышында “Айтматов ааламы Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларында” аттуу альбом-каталогдун бет ачаары болуп өтөт.

Көргөзмө-сынакка республикабыздын бардык аймактарынан жаш сүрөтчүлөр, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, айтматов таануучулар, көркөм сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөржана башкалар катышмакчы.

Кирүү акысыз.

Бардык суроолор боюнча: 0772515121, 680790, [email protected]

Булак: NazarNews.kg

Последние новости