www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Райым мырза, учурда Сапар Исаков менен соттошуп жатканыңыз коомчулукка маалым. Сиз жумуштан мыйзамсыз алынганыңызды  ашкерелөө үчүн доо коюп атасыз да. Ушул боюнча негиздемелерди айтып бересизби, кандай мыйзам бузуулар болду эле?

-- Мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен соттошуп атканым чын. Күтүүсүз кызматтан алынышымдын себеби (төмөндө кеңири токтолуп айтам) жеке мамилеге байланышкан. Сиздер айтып жүргөндөй, “тар чөйрөгө гана белгилүү болгон” жеке таарынычтын курмандыгы катары кызматтан алынганымды түшүнбөдүм. Мен ошол убакта дарыланып жаткам... Бажы кызматынын агездеги төрагасы Азамат Сулаймановго да билдирүү жөнөтүлгөн болчу. Өткөн жылдын 23-ноябрында саат 10:30дар чамасында премьер-министр мени жумуштан бошотуу жөнүндөгү буйрукка кол коюптур. Буйрукта төраганын эч кандай сунушу жок, себеби да айтылган эмес. Мага коюлган берене (статья) да негизсиз... Мындай беренени “саясый кызматты” ээлеген кызматкерлерге колдонсо болот. А менин ээлеген кызматым жогорку административдик кызмат болуп эсептелет. Буйруктун мыйзамга жооп бербегени көрүнүп турбайбы. Анан калса, А.Сулаймановдун артынан кууп жүрүп, мени кызматтан бошотуу жөнүндөгү сунушту бир жумадан кийин алышкан. Кийинчерээк өздөрүнө керектүү датаны койдуруп алышат. Муну Азамат мырза да танбаса керек, сурап көрсөңүздөр болот. Эч кандай жүйөлүү себептерсиз жумуштан бошоткондугу, ар кандай коррупциялык иштерге атымды фактысыз байланыштыргандыгы үчүн өзүмдү актоо, элдин алдында, бала-чакамдын, коомчулуктун назарында таза экенимди далилдөө максатында өкмөттүн мурунку башчысы Сапар Исаковду сотко берүүгө аргасыз болдум.

-- Айрым ЖМКларда  кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы “жыттанган” макалаларды окуп калдым. Сиз сотту сатып алып, Сапар Исаковду утуп алганы жаткан имишсиз. Логика барбы?

-- Айрым массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда көп эле жолу мен жөнүндө ар кандай ушактарды таратып, курулай дооматтарды коюп, такталып-такталбаган чуулгандуу иштерге атымды илештирип, жаманатты кылып, кара көө жапкысы келгендердин бар экендиги көрүнүп-билинип эле турбайбы?.. Андай буюртма, негативдүү, “койнунда котур ташы бар” макалалардын артында кимдер турганы да мага маалым. Ал эми соттун жыйынтыгы кандай болорун мезгил өзү көрсөтөт.

-- Бажы төрагасына Алмаз Оңолбеков дайындалганы чуру-чуу  түшүп эле жатып калышты. “Оңолбековду бажыга Райым Матраимов койду” деген сөздөргө ишенсе болобу?

-- Мен бажы тармагында 20 жылдан ашуун иштеп келдим. Ошол жылдар аралыгында бирге иштеген Алмаз Оңолбековду, Кубанычбек Кулматовду, Жеңиш Исаковду, Азамат Сулаймановду деле чогуу иштешкен кесиптештер катары жакшы тааныйм. Ал эми Алмаз Оңолбеков тажрыйбалуу, такшалган профессионал адис катары жетекчи болуп эмнеге иштебеши керек? Ушул жерден оппоненттериме кулак кагыш кылып коёюн, бажыда иштебегениме жетинчи айга аяк басты. Жанагы “Матраимов алып келди” деген ушак бул жерде арык аттап, суу кечпейт. Бажы кызматынын төрагасын премьер-министр гана дайындаганга укуктуу.

-- Финполдун төрагасы Бакир Тайыровдун дайындалышына сиз себепкер болдуңуз  беле? Интернет желелеринде жана саясый элитадагы айрым “билермандар” ортосунда дал ушундай талкуулар болуп атканынан улам суроо жаралууда...

-- Эгер Кыргызстанда катуурак шамал жүрсө же кимдир бирөөлөр жогорку кызматка келип-кетишсе деле менден көрө бериш керекпи? (Күлүп.) Ашкере каралоонун, жамандоонун да чеги болуш керек. Ал эми Финполдун төрагасы Бакир Тайыровду тааныйм, бирок, анын кызматка келишине менин эч кандай тиешем жок. Мындай ушак-айыңды карапайым эл-журт чыгарбайт, саясаттын артынан сая түшкөн, саясаттын балит оюндарынан упай топтоп, “чымындан пил жасаган” карөзгөй, куйту, сиз айткан “билермандар” чыгарат.

-- Баса, Атамбаевдин бийлигинин астында жети жылдай бажы тармагында иштедиңиз да. Жаңылбасам, анан ал тактыдан кетип жатып, сизди өкмөт башчы Исаковго айтып, өзү жумуштан алдырып салганын билдирген болчу. Ошого катар сизди коррупцияга шектүү катары да жарыялаган. Менин угушума караганда, кайнежеңиз менен Атамбаевдин кызы уруша кетишип, ошонун кедери тийгенби? Балээнин баары жеке таарынычтардан башталды беле? Ушул жагынан ачык айта аласызбы?

-- Туура, кеп кезеги келди окшойт. Баарын ачык, болгонун болгондой айтып берейин. Мен орозо кармайм, орозо маалында калп айтканга болбойт. Булар Кудайдан коркпосо, мен Кудайдан корком. Менин кызматтан алынышымдын  себеби эч кандай коррупцияга, коррупциялык элементтерге да байланышпайт, “тар чөйрөгө белгилүү болгон” жеке таарынычтан, эки аялдын жаңжалына түздөн-түз байланышат. 2017-жылдын октябрь айында президенттик шайлоодон эки күн өткөндөн кийин Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө менин кайнежем менен экс-президенттин кызы жол талашып, урушуп кетишет. Экөө бири-бири тилдеп (алар тааныш эмес, кайнежем кайдан билсин, президенттин кызы экенин?), басынтып, кордогонго чейин барышат. Кайнежемди коркутуп-үркүтүп, мыйзамсыз эле убактылуу кармоочу жайда эки күн отургузушат. Буга журналисттик иликтөө жүргүзүүгө да болот. Мен аны уккан да эмесмин, анткени, Ошто командировкада жүргөн элем. Андан кийин алардын иши сотко чейин жетет. Муну укук коргоо органдары жакшы билишет, менимче, күбө да боло алышат. 22-ноябрда, тагыраак айтканда, бир айдан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин экс-президенттин уулу болгон окуяны Алмазбек Шаршеновичке айтып берет. Ошол күнү кечке маал саат 18:00 чамасында Икрам Илмиянов мага телефон чалып: “Эки аялдын чатагына  байланыштуу шефтин үйүндө тополоң болуп жатат... Сени шеф жумуштан кетсин деди” деп айтты. Жумуштан бошотууга эмне себеп болгонун сурасам, “эки аялдын  жаңжалына байланыштуу” деп баса айтты. Ал гана эмес, “Райымды түрмөгө отургузгула” деп укук коргоо органдарына буйрук берген. Майдалана бербейин... Кандай болгонун ошол кездеги укук коргоо органдарынын жетекчилери жакшы билишет. Ал эми Атамбаев өзү пресс-конференцияда “агасы иниси үчүн жооп бербейт” деп айтканы бар, а мен кайнежем үчүн жооп беришим керекпи? Экс-президент анан Сапар Исаковго телефон чалып, менин дарыланып жатканыма карабай, иштен алуу жөнүндө буйрук берет. Эки аялдын чатагынан улам ошол мезгилдеги бийлигинен пайдаланып, жеке амбициясынын айынан мени жумуштан  себепсиз четтеткендигинин чындыгы ушундай.

-- Андан бери да өчөшкөнүн койбогону кызык...

-- Атамбаевдин 31-марттагы пресс-конференциядагы мен жөнүндө айткандары карандай калп. Атамбаевдин мезгилинде эки жарым жыл бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштедим. Эгер коррупциялык системага аралашкан болсом, эмнеге өз убагында айткан эмес? Мага байланышкан коррупциянын элементи же фактысы болсо, жерден чукуп болсо да таап беришмек. Мен бажы кызматынын төрагасы же биринчи орун басары эмесмин да, катардагы орун басар болсом, эмне себептен бажыны жалгыз менин атым менен байланыштырат? Бир чети инаугурациянын алдында, жаңы президенттин ант берүү аземине бир күн калганда мени жумуштан алдыргандыгынын себеби, шайлоо убагында эл-журт арасындагы менин кадыр-баркымды байкап, кандайдыр бир ичтарлык, кызганыч, көралбастык сезимдери пайда болду окшойт?!. Ошол пресс-конференцияда “10 миллиард сом жок болуп кетти окшойт...” деп божомолдоп, фактысы жок эле айтканы, мени эл-журтка жаманатты кылуунун айласы катары түшүндүм. “Бажы мурдагыга караганда 900 млн. сом көп берип жатат” деген шардана сенсациянын себептерин өткөндөгү интервьюмда жакшы эле түшүндүрүп бердим. Атамбаев мени “коррупционер” деп айтып жүрдү эле, кимдин анык коррупционер экенин мезгил өзү эле көрсөтүп койбодубу...

    -- Кечээ Атамбаев “Райым Миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан мамлекеттик ишмерлер камалып атат, өч алуусу...” деген мааниде билдирүү таратыптыр. Кандай дейсиз?

    -- Акыркы убактагы Атамбаевдин мага карата айткан жалган жалааларына таңгалуунун деле кереги жок болуп калды. Жазында го түшүнүктүү болуп аткан, эми жай келсе деле тынчыбай, түшүнөн чочуса деле менин атымды оозанып, улам бир калпты айтканы көнүмүшкө айланды. ТЭЦ, мектеп курулуштарындагы коррупциялары боюнча Исаков менен Кулматов камалышса, менин кандай тиешем бар? Кечээ бажы кызматынын жаңы жетекчилери маалымат жыйын өткөрүшүп, Кулматовдун буга чейинки бажы төлөмдөрү боюнча айткандарын жокко чыгарышканын да эскерте кетели...   

-- Өткөн айда да КСДП билдирүү таратып, сиздин корооңузга дагы таш ыргытты. Кайрадан эле эски пластинка айланып, сизди коррупционер көрсөтүүгө далалат кылышканы кандай? Мындай чабуулдарга көнүп деле калсаңыз керек, бул саясый күрөш экен... Чарчаган жоксузбу?

-- Эч кандай фактысы, негизи жок КСДПнын кээ бир депутаттарынын мага асылганы түшүнүксүз. Же “боссунун буюртмасын” аткарып жатышат, же мага шыбалып жаткан кара боёкту коюурак сүрткөнгө жандалбастап жатышат. Эмнеге экени түшүнүктүү да... Менин бажыдан кеткениме жети айдан өткөнүнө карабастан, “кадр маселесин чечип жатат” дешкени чындыкка таптакыр коошпойт. Дагы эле негизсиз асылып, куру дооматтарды үйүп, тотукуштай кайталап, каралай беришсе, мыйзам чегинде сотко берүүгө аргасызмын. КСДП депутаттарын шайлоодо Кара-Суу районунан биз, Матраимовдор башкасын айтпаганда да 45 миң добуш алып бергенбиз, ал эми Жогорку Кеңеште КСДПнын кээ бир депутаттары миң-эки миң добуш менен эле отурушат...

-- Сизге карата саясый чабуулдардын себеби, Ошто, Кара-Суу районунда бир тууган Матримовдордун таасири жогору болгону үчүн эмеспи?

-- Менин бир туугандарым кечээ же бүгүн кызматка келген жок. Өздөрүнүн тармагында 20-30 жылдан бери иштеп келатышат. Матраимовдордун эл-журтка кылган кызматы, эмгеги, кадыр-баркы бар, баары билишет. Атам бир макалды көп айтчу, “Эл менен жүрсөң бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деп. Анын сыңарындай, карапайым элге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгонго дилгирбиз. Мен жана менин бир туугандарым эл-журтка ыраазыбыз. Колдон келишинче элге кызмат кылып, элдин батасын алганыбызга, эл-журтка жакын болгонубузга шүгүрчүлүк келтирем. Буюрса, мындан ары да элиме талыкпай кызмат кылууну жигиттик парзым катары эсептейм.  

Асланбек САРТБАЕВ,

“Азия Ньюс” гезити

Последние новости