www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашасын кошоматчы

Бийликти кошоматчылар бузат. Жеке мүдөөсү, керт башчынын кызыкчылыгы үчүн көлдөлөң болуп төшөлүп, караны ак, жаманды жакшы дешип жалганды чын кылып бийликти айга-күнгө теңешип жан сакташат. 

Ага уялышпайт. Намыс кылып арданышпайт. Тескерисинче, сыймыктанып, баардык маселеге эксперт болуп, бийликти мактап оода айтып турушат. 

Булардын касиети ушунда, кайсы бийлик келбесин, баягы эле көнгөн адатынча, мурадагы бийликти кандай мактап-жакташса, тоту кушчасынан ошол сайраганы сайраган. 

Бизде андайлар арбын. Санап бүтпөйсүң. Бирок өзгөчө көзгө урунуп, чын дилинен берилип түз эле жумурга чейин кирип кеткен жагынан, астына эч кимди салбагандар бар. Ана башчылары "дүжүр" эксперт катары таанылган Бакыт Бакетаев, Алмазбек Акматалиев деген аттын кашкасындай белгилүүлөр чанда.

Бул эки "кыраанды" жумурай журт мыскыл кылып, икаяга айландырып алышкан. Бирок экөө ага башым дешпейт. Кан менен бүткөн мүнөз, жан менен чыгат дегендей, элдин сынына булардын Байсалов айткандай кылы кыйшайбайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости