www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштарга эмнеге бырыш түшүп кетет?

Косметолог жана дерматолог Ольга Андриянова "Известия" басылмасына эмне себептен айрым адамдарга жаш кезинен эле бырыш түшүп кетерин түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, алгачкы бырыштар кишинин бетине 18-20 жашынан тарта түшө баштайт. Бирок ал теринин эң үстүнкү бөлүгүндө жайгашып, чекеде жана көздүн айланасында пайда болот.

"Негизи бул бырыштар анча коркунучтуу эмес. Бирок адам өзүнө кам көрбөсө алар акырындап тереңдей берет да, теринин ортоңку бөлүгүнө жетет. Ал эми мындай бырыштар дээрлик кетпейт жана көзгө дароо урунуп, адамды кары көрсөтөт", — деди косметолог.

Ошондой эле адис эрте бырыш түшүп кетүүнүн себептерин тизмектеп берди:

бети-башты бырыштырып, кабакты бүркөй берүү;

күндө көп жүрүү;

таттууну көп жеп же чылым чегүү;

нымдоочу каражаттардын жетишсиздиги;

уйкунун жетишсиздиги;

организмде суунун жетишсиздиги.

Адистер эрте бырыш түшүүнү алдын алгысы келгендерге жакыйсын күндөн коргоочу бет май сүйкөнүп, кара көз айнек тагынып жүрүүнү сунуштайт. Ошондой эле терини сактоого ар кандай витаминдер, укалоо жана активдүү жашоо образы жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости