www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жылга эсептелген тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы Жээнбеков тарабынан кабыл алынган. Келечекке кеңири көз чаптырган президент кайра иштетүү тармагындагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү программасынын эсебинен көтөрүүгө болот деген көз карашта. Учурда кайра иштетүү чөйрөсү өзүнө 326 аракеттеги юридикалык уюмдарды, 5900дөн ашык жеке ишкерлерди бириктирген 18ден ашык тармакты камтыйт. Келечекте иштеп жатканын өркүндөтүп, жашылча жемиштерди, эт жана сүттү кайра иштетүүчү, кант, нан-токоч азыктарын өндүрүүчү жаңы ишканаларды ачуу менен аларда иштегендердин санын арбытуу пландалууда. Өндүрүштү өркүндөтүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү тармактардын өнүгүүсүн эле камсыздабастан, ички рынокту сапаттуу азыктарга толтурууга жана экспортту кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ар бир эле тармакты көтөрүүгө, эгер сөз айылдарда өндүрүш уюштуруу тууралуу болуп жатса, бош каражаттар талап кылынары түшүнүктүү. Ошондуктан, мурда ал жетектеген өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо” мамлекеттик колдоо долбоорунун алкагында ишкерлик үчүн кредиттердин пайыздык ченемдерин төмөндөтүү зарыл деген чечим кабыл алган.

«NazarNews.kg»

Последние новости