www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин тапшырмасы, каалоосу менен жаңы салынып жаткан Ак үйдүн иши жанданды. Бир топ убактан бери иш солгундай түштү эле. 

Бирок, жаңы имаратты курууга арзан жумушчу күч делип өзбектер, индустар ишке тартылып кыргыздар четке сүрүлүп калышканы боюнча нааразычылыктар айтылып жатат. 

Учурда курулушта 150 индус, 150 өзбек усталары иштеп жатканы айтылууда. Ал эми кыргыз усталарынын саны азайып, 150гө чейин түшүп кеткен. 

Жакынкы аралыкта индус менен өзбек усталарынын саны дагы эки эсеге чейин көбөйтүү жагы каралып жатканын кыргыз жумушчулары кеп кылышып, "өз жерибизде иш жок болуп жатса, сырттан башкаларды алып келишип, кыргыздарды таптакыр ишсиз калтырып жатышканы эмнеси", - дешип нааразы.... 

Мындан улам, четтен дагы арзан жумушчу күчү келет болуп жаткандыктанбы, 60 миң сомдон алып жатышкан айлык-маяналары да кескин кыскарып, себебин сурашкан кыргыз усталарына "кааласаңар иштегиле, каалабасаңар кете бергиле" деген суук мамиле болуп жатыптыр.

Мындай өз элинин ырыскысын бөлөктөргө тартып берген жосунсуз иштен президент Садыр Жапаровдун кабары бар болду бекен? Жок болсо, күтүүсүз барып, текшерип көзөмөлгө алып койсо ашыкча болбойт эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости