www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын маданият, маалымат жана спорт министри Надин Доррис баш болгон бир катар аткаминерлер Лиз Трасс өлкөнүн премьер-министрин шайлоодо жеңип чыкканын уккан соң ээлеген кызматынан кетишти. Бул тууралуу Sky News басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Дорриске министр бойдон калуу сунушталган, бирок ал андан баш тартты.

"Дал ушундай чечимди ички иштер министринин орун басары Стивен Макпартлэнд жана министрлер кабинетинин катчылыгынын кызматкери Найджел Адамс кабыл алды. Буга чейин ИИМ башчысы Прити Пател кызматтан кетүү боюнча арыз жазган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болуп Лиз Трасс шайланган.

Өлкөдөгү консерваторлор партиясынын комитет жетекчиси Грэм Брейди талапкер Трасс 81,3 миң добуш алганын жар салган. Ал бүгүндөн тарта ишке киришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости