www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу жана альпинист Марион Шанго-Дюпюи үч жыл мурун тоо чокусуна бир канча  жылдар бою топтолгон таштандылардан арылтуу максатында “Таза Эверест” долбоорун баштаган. Үч жылдын ичинде Марион жана анын бригадасы 8,5 тонна таштанды чогултушту. Бул тууралуу “Метро” гезити жазды. 

Акыркы 17 жыл ичинде Марион тоодо гид болуп итеп, жашап келет. Бала кезинен бери ал тоо чокусунан таштандыларды чыгаруу боюнча долбоор түзүүнү кыялданган. 2013-жылы дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгып, 30 жылдык экспедициялар Эверестти кантип таштандыга толтургандыгын түшүнгөн.

«Эверестке чыгуу адам менен жаратылыш дүйнөсүнүн ортосундагы эң таза өз ара мамилелердин бири. Бирок, 2013-жылы чокуга чыкканда тоодо 30 жылдык экспедициялар таштап кеткен таштандылар толтура экенин билдим”, - деди активист.

Марион жана анын бригадасына таштандыларды тоо боорунан ылдый алып түшүүгө жергиликтүү бийлик 50 топоз белек кылышкан.  

Мариондун миссиясы айлана-чөйрөнү таштандыдан сактап калуу гана эмес, ошол аймакта жашагандардын жашоо сапатын өзгөртүү. Кытай жана Индия өрөөндөрүнүн эки миллиарддан ашуун адамы Гималай тоосунан агып түшкөн сууну ичүүчү суу катары колдонушат. Бирок, Гималайдын булганышынан улам, суунун булгануусу күчөп, ар кандай сейрек кездешүүчүү оорулар пайда болууда.  

Марион кийинки жолу Гималай тоосун толугу менен тазалай алам деп үмүттөнөт.

Ноябрь айында илимпоздор микропластика Эверест чокусуна жеткенин айтышкан. Адистер деңиз деңгээлинен 8440 метр бийиктикке көтөрүлүп, кардын жана эриген суунун үлгүлөрүн чогултушкан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости