www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Маданият, Транспорт, Билим берүү жана Энергетика министрликтеринин жетекчилерине талапкерлерди карап жаткан учурда депутат Балбак Түлөбаев аларга абакка түшүп калбоо үчүн, таза иштөөгө кеңеш берди.

«Силерде эки жол бар: же таза иштейсинер, же түрмөгө түшүп, авторитетиңерге доо кетет. Силер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштешиңер керек»,- деди Балбак Түлөбаев.

Ал белгилегендей, министрлер кабинетине адегенде ишеним туудурган министрлер келет, анан аны жоготот.

«Силер биздин ишенимди жоготсоңор, биз силер менен чогуу сынабыз. Мамлекет башчысынын, элдин ишенимине шек келтирүүнүн кереги жок. Биз силерге үйрөтө албайбыз. Эртең адал иштебесеңер, ар дайым жаныңарда жүргөн ошол эле адамдар силерди сатып кетет. Силерди жумушка алууну сурангандар сатып кетет. Эч кимди укпай, өз ишиңер менен алектенгиле. Силер кайсы бир депутатты, же министрди угуп, бирөөнү жумушка алуу менен өзүңөрдүн авторитетиңерди түшүрүп аласыңар”, - деп кошумчалады Балбак Түлөбаев.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости