www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, ишканада "жаңыдан курула турган блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти куруунун кереги жок, эскиси жарактуу" деген тыянак 2014-жылы берилген. Аны ЖЭБдин ошол кездеги жетекчилигинин документинин негизинде кытайлык TBEA компаниясы чыгарган.

Бримкулов 2014-жылы Бишкек жылуулук электр борборун кырсыктан кийин кайра директор болуп дайындалган Андрей Воропаев башкарганын ырастады. Ал эми кырсыкка негизги күнөөкөрлөрдүн бири катары иштен алынган мурдагы директор Нурлан Өмүркул уулу башкы инженерлик кызматты аркалаган.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору кырсыктын чоо-жайын иликтеген мекеме аралык комиссия туура эмес бүтүм чыгарып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргогонун билдирип чыккан. Кырсыкка ЖЭБдин азыркы башчысы, окуя маалында өзүнүн техникалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген Андрей Воропаевдин да түздөн-түз жоопкерчилиги бардыгын айткан. Воропаев буга комментарий бере элек.

Быйыл 26-январда ЖЭБдеги суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн.

Булак: Азаттык

Последние новости