www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—  Акылбек Үсөнбекович,  Бишкек ЖЭБ үчүн алган 386 млн долларды 20 жылдын ичинде пайызы менен 480 млн доллар кылып төлөп беришибиз керек. Датка-Кеминге алган насыя дагы 20 жылдын ичинде ушундай эле пайыз менен алынганбы?

— Эки пайызга жетпеген шарт менен алганбыз. Бирок, 1 млрд долларга 20 жылдык мөөнөт аябай эле кыска убакыт. Карапайым киши 1 млн сом насыяны 1 жылга алгандай эле кеп. Бүткүл дүйнөлүк банктан насыя алып жатканда 35–40 жылдык мөөнөт менен алганга аракет кылабыз. 20 жыл деген көз ачып жумгуча эле бүтүп калчу мөөнөт.

— Алган тышкы карызды төлөө канчанчы жылдары күчөйт?

— 2027–2029-жылдары карыздарды төлөө күчөй баштайт. Буга чейин көп эле насыялардын пайыздык үстөгүн төлөп келгенбиз. Эми насыянын өзүн төлөй баштайбыз. Кытайдын насыяларына 6 жылдык гана жеңилдик берилген. Алар да келип кошулат. Өзүбүздүн ички кирешебизди көбөйтүшүбүз керек. Мисалы Кытайда насыяга жол курулса, ал жол акча төлөп жүрө турган болот. Ошол жол өзүн-өзү актайт. Электр энергиясы үчүн насыя алынса, анда тарифке кошулат. Биз болсо эки ача жолго туруп алдык.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости