www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмуштун чыга албай көйүнөн бир,
Мээмди ой жеп келет өйүгөн бир.
Ата-Журт! Азып жүргөн араңдагы,
Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир.

Бирөөмүн, катарыңда басып жүргөн,
Күү чалган күйүтүмдү жазып жүргөн.
Тирилик ташкынында азап чегип,
Суурулуп Мекенинен, азып жүргөн.

"Неге жүрөм бөтөн жерде, көрбөгөн күндү көрүп?"
"Мен сатсам болбойбу не, энчимди бөлүп-бөлүп?"
"Эртеңим не болот?" деп санааркабай,
Ой басып жүргөнүмчө жүрөк өйүп.

Ансыз да, жан кашайып, ачынууда,
Чыланып жатса каным, ачуу чынга.
Мен кантип карап турам үндөбөстөн,
Ырыскым баалуу жашыл кагаз болуп,
Бирөөнүн түшүп жатса капчыгына?

Ээй Кыргыз! Бир пикирге көнбөйлүбү,
Үлүштөп, Ала-Тоону бөлбөйлүбү!
Бир ууч топ пайдаланып кете электе,
Биз дагы бир пайдасын көрбөйлүбү!

Көөнөрбөс алтыныңды казып бүттү,
Кенчиңди чет жактарга басып бүттү!
Кемирип, келемиштей көөлөп кирип,
Кемитип, ырыскыңды ташып бүттү!

"Көпчүлүк түкүргөндө көл болот" дейт,
Ошол "көл толкуганда сел болот" дейт.
Темирдей бекем болсо ынтымагы,
Ошол эл ырыскылуу эл болот дейт.

Озоко, орт болобосо башчыларың,
Өз элин ушунча да кордойбу, не?
Өзүбүз коргобосок жерибизди,
Озголор келип бизди коргойбу, же?

Чыккыла, эл ичинде ириктери!
Түнкүсүн жарык кылчу биликтери.
Жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып,
Бириккиле, кыргыздын жигиттери!
Кылымдап сактап келген Кыргызымдын,
Тонолуп кете электе ыйык жери!

Автор: Нурлан Атамырзаев. Москва

Булак: NazarNews.kg

Последние новости