www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мына өзүңөр билесиңер, ТЭЦтеги коррупция боюнча: ТЭЦтеги модернизация иштери боюнча келишимдер 2013-жылы башталган экен. Бул тууралуу мен Фейсбуктан окудум. Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ) үчүн алган 386 млн долларды 20 жылдын ичинде пайызы менен 480 млн доллар кылып Кытайга төлөп беришибиз керек. Тилекке каршы ЖЭБке дагы 200 млн АКШ доллары сарпталат деп жатат. Бул эмне деген шумдук”, деди NazarNews.kg маалымат агенттигине Нарын облусунун тургуну, 75 жаштагы Жеңишбек Жумалиев.

ТЭЦтеги модернизация иштери боюнча келишимдер 2013-жылы башталган экен. Ошондо Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болгон экен. Эми Артыкбаев жооп берсин. Анткени, модернизацияны Артыкбаев ишке ашырган. Тиги Кытайдын ТВЕА фирмасы дагы, суудан кургак чыгуу аракетинде. Ошондуктан ТЭЦтеги коррупциялык схемалар боюнча Артыкбаевге иш козгоп, суракка алыш керек, чындык чыгат. Эгерде бийлик баарына кол шилтеп, “кысты-кысты же басты-басты” кылса, анда коомчулук комиссия түзүшүбүз керек. 75 жаштагы жөөлүгөн абышка катары айтып койоюн. 386 млн АКШ доллары деген эмне деген акча балам. Бул акчага кайрадан бир шаар курулат. Ушул акчаны жеген чоңдордун кекиртеги жешилип, курсагы тешилсин. Жакшылык көрбөй калсын. Кытай карызын дооласа, кыргыз эли эмне болот? – деди, Жеңишбек ата Жумалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости