www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алматыда өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жыйында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, КМШ алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы менен келечеги талкууланды. Ошондой эле тышкы саясат, коопсуздук, сот-укуктук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын негизги аспектилери каралды.

Катышуучулар КМШнын өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңештеринин алдыдагы жыйындарында бекитиле турган бир катар документтерди жактырышкан.

Кийинки жыйын 9-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлө турган болду.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости