www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-апрелде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.
Аталган министрликтен билдиришкендей, тараптар президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 3-4-декабрында Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн, ошондой эле алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларга даярдыкты талкуулашты.
Тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволору аркылуу белгиленген пландарды ишке ашырууга багытталган активдүү иш алып барууга өз ара даярдыгын ырасташты.