www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында учактын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен салттуу  жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Адамдардын курман болгондоруна байланыштуу жакындары жана туугандары үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн  орду толгус оор жоготуу болгонун баса белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

Кыргыз Республикасынын президенти менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Эске салсак, 2017-жылы 16-январда Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости