www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Өмүрбек Чиркешович, «Ата Мекен» партиясы март айында кезексиз съезд чакырды. Адатта курултайды шайлоо алдында чакырат эле. Шашылыш чакыруунун себептери эмнеде?

-- Акыркы төрт жылда “Ата Мекен” партиясы оппозицияда болду. А иш жүзүндө биз 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин эле Атамбаевдин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген тигил, же бул демилгелерине макул эмес экенибизди билдирип чыкканбыз. Ал эми 2016-жылы Атамбевдин Конституцияны реформалоо демилгелерине каршы позициябызды билдирип, парламенттеги башкаруучу коалициянын тарашына алып келдик. Атамбаевдин бийликти узурпациялаган, улуттук байлыктарды элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына эмес, чет элдик жана жергиликтүү компаниялардын кызыкчылыгына пайдаланууга жол бергенине каршы келишкис күрөштүк. Ошондуктан, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү массалык куугунтукка алынышты. Менин үстүмдөн, Салянованын, Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери – бул куугунтуктун элге көрүнгөн гана бөлүгү. Башкача айтканда, айсбергдин эле чокусу болду. Ал эми өкмөттө министр болуп иштеген, же башка республикалык, облустук, райондук, айылдык деңгээлдеги кызматтарда иштеп жаткан “атамекенчилер” гана эмес, партиянын тарапкерлери да куугунтукка алынышты. Алар жумуштан алынышты, кодулоого дуушар болушту. Ал эми “Ата Мекен» партиясында мүчөлүгүн жашырбаган бизнесмендердин ишинде тоскоолдуктар пайда болду, же алар коркунучта жашап, өз партиялуулугун жашырып, кээ бирлери партиядан кол үзгөнгө мажбур болушту. Бул миңдеген адамдардын тагдыры. Атамбаевдин режими бүттү. Бүгүн коомчулук анын режимине баа берип жаткан кез. Төрт жылдан бери лидерлери куугунтукталып, партиянын иши үзгүлтүккө учураган. Жана айтканымдай, көп адамдар партиялуулугун жашырып, партиядан чыкканга мажбур болушту. Бир тобу мигрант болуп кетишти, орун которушту. Ошондуктан, партиянын ишин жандандыруу, партия мүчөлөрүн түгөлдөө, түзүмүн жана иш алып баруусун реформалоо максатында партиянын 13-съездин 20-мартка чакырып жатабыз. 

-Реформалоо максатында” деп жатасыз. Кандай реформалар болот?

-- Бүгүнкү шайлоо системасына (партиялык системага) коомчулук нааразы. Шайлоочулардын көбү партияга эле эмес, партиядагы кандидаттарга да түз добуш бергилери келишет. Граждандар “партиянын тизмедеги тартибин партия жетекчилиги монополиялап алып, саясый кызыл кулактык кылып, саясый коррупцияга жол берип жатышат” деп негиздүү шек санашат жана айыпташат. Андай айыптан кутулуп, парламентке болгон эл ишенимин калыбына келтириш керек. Кантип? Преференциялдык шайлоо системасын киргизип. Шайлоочулар партияга эле эмес, кандидаттарга да добуш берип, алардын тизмедеги ордун аныктаганга мүмкүнчүлүк алыш керек. Тилекке каршы, ал мыйзам долбоору өтпөй жатат. Мен дагы баса белгилегим келет, “Ата Мекен” партиясы 2014-жылы ушундай мыйзам долбоорун сунуштаган. Кыскасы, коом саясый элитанын жаңыланышын талап кылып жатат. Жаңы адамдар, жаштар парламентке, өкмөткө жана башка саясат аныктаган мамлекеттик кызматтарга келишин каалап жатышат. Биз партиянын уставына “шайлоо компаниясынын лидери” деген түшүнүк киргизип жатабыз. Муну мындайча түшүндүргүм келет? Америкада демократиялык жана республикалык деген партиялар бар. Алардын төрагалары кимдер экенин биз турмак, америкалыктардын өздөрү да билишпейт. Бирок, алардан шайлоого чыккан лидерлерди, мисалы, Трампты бүткүл дүйнө тааныйт. Биз киргизген сунуш да партиянын төрагасы сөзсүз эле шайлоо компаниясынын лидери болбойт. Жаштар, жаңы адамдар, артынан элди ээрчитип кете ала турган, эл ишенимине ээ болгон жаш кадрлар, лидерлер чыгып калса, алар шайлоо кампаниясын жетектеп, утушка ээ болсо, фракция лидери болуп, парламенттин төрагасы, өкмөт башчысы, келечекте президент болгонго жол ачылып жатат. Бул партия ичинде шайлоо жүрүп (праймериз), чын эле эл колдоосун ала тургандар тизменин алдында болуш керек деген саясат. Партия идеологиялык планда консервативдүү болуш керек. Бир күнү кызыл желек, бир күнү көк желек көтөрбөй, социалисттикпи, социалисттик болуп аягына чейин калуусу абзел. Демек, ошол идеологияны алып, тутунуп жүргөн адамдар партияда ар дайым болуш керек. Ошондуктан, биз партияда ырааттуу тизмени: тажрыйба менен жаштык айкалышкан иш формасын, консерватизм менен реформизмди айкалыштырган иш формасын тапкыбыз, киргизгибиз келет. Партиянын уставына төраганын алдында партиянын аксакалдар кеңеши деген консультативдүү орган түзүү каралып жатат. Кеңешке аты айтып тургандай, партиянын тажрыйбалуу ардагерлери киришет. Аткаруу органдарына жаштар көбүрөөк келсе, тажрыйбалуулар кеңештин курамында болушат. Ардагерлер да шайлоого бара алышат. Алар деле партия мүчөлөрү, баардык жарандардын жана партия мүчөлөрүнүн укугуна ээ. Илгери бизде партиянын эки мүчөсү болгон, алар: “мүчө тарапкер” жана “чыныгы мүчө”. Партия мүчөлүгүнүн ошол формаларын кайра киргизип жатабыз. 

-- Аны кайра киргизүүнүн кандай зарылдыгы бар эле?

-- Акыркы төрт жылдагы кырдаалды эске алып, өзүбүздүн эски тартибибизге, Акаев, Бакиевдин убагында келишкис терең оппозицияда иштеген тартибибизге кайра кайтып жатабыз. Анткени, биз азыр деле оппозициялык партиябыз. Дагы канча жыл оппозицияда жүрөбүз, белгисиз. Биздин партиянын мүчөлөрү жетекчи кызматтабы, жөнөкөй кызматтабы, партияда мүчө болгону үчүн жумуштарынан ажырашын каалабайбыз. Алардын айлык маянасы үй-бүлөнүн негизги каржы булагы. Алардын жумуштан айрылуусу үй-бүлөсүн трагедияга алып келет. Ошондуктан, “мүчө тарапкер” деген статус киргизебиз. Алардын аты-жөнү ачык айтылбайт, тизмесин партиялык жетекчилик гана билет. Алар партиянын мүчөсү катары партиянын иш-чараларына катышканга милдеттүү эмес, көңүлү менен партияны колдошот. Ошентип, биз аларды куугунтуктоодон сактайбыз деген ниет. Ал эми эч нерседен коркпогон, тайманбаган партия мүчөлөрү, активисттери бар. Алар партиянын иш-чараларына ачык катышат. Алар “чыныгы мүчө” деген статуска ээ болушат. 

-- “Ата Мекен” күздө өтчү парламенттик шайлоого катышабы?

-- Уставга кигизип жаткан өзгөртүүлөрдү парламенттик шайлоого катышууга көрүлгөн биринчи аракеттер катары бааласак болот. 14-январда быйыл боло турган парламентке шайлоолорду уюштуруу үчүн партиянын республикалык штабын түздүм. Штабдын башчысы болуп экс-депутат, экс-министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов дайындалды. Ошентип, биз алдыдагы курултайларга гана эмес, шайлоону көздөй ишибизди расмий баштадык. 

-- Шыкмаматовдун партиядан чыгып кетишин “шайлоо алдында партиянын абалын алсыратты” деп эксперттер айтып жатышат. Анын кетиши “Ата Мекендин” шайлоого катышуу шансын азайткан жокпу?

-- Алмамбет Шыкмаматов партиянын сыналган мүчөсү, лидерлеринен болгон. Эң оор, кыйын кезде өзүнүн туруктуулугун, тайманбастыгын көргөзгөн партиялаш-жолдош болду. Партия жөнөткөн баардык кызматтарда ал татыктуу иштеди. Партиянын гана эмес, өлкөнүн ишеничтүү мамлекеттик ишмери катары өзүн көргөзө алды. Албетте, анын күтүүсүздөн кетиши партиянын шансын көбөйткөн жок. Анын бул кадамы жалпы партиялаштар үчүн гана эмес, мен үчүн дагы күтүүсүз болду. Анын сөзүнө ишенсек, Шыкмаматовдун өзү үчүн дагы күтүүсүз болду. Иштин мындай өңүттө өнүгүшү биз үчүн абдан өкүнүчтүү. Кеп шайлоо алдындагы эсеп-кысап, кызыкчылык менен эмес, накта адамгерчилик менен байланышкан өкүнүч. Алмамбет “саясаттан кетпейм, өз ишимди идеологиялык тектеш күчтөр менен улантам” деп айтты. Анын ишине ийгиликтерди каалайбыз. Кайда болсо да ал биздин, “Ата Мекендин” кадры, биз даярдап, Кыргызстанга тартуулаган кадр болуп кала берет.

Динар ТУРДУГУЛОВА 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости