www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Росинбанктын” төрагасынын мурдагы орун базары Андрей Гойхман 9 жылга эркинен ажыратылып, 489 миллион сом өндүрүлүп алынды. Жогорку сот Гойхман боюнча төмөнкү инстанциялардын соттук чечимин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, Россиянын жараны, “Росинбанк” акционердик коомунун акционери Андрей Гойхман мыйзмасыз жол менен алынган акчаларды легалдаштыруу жана өтө чоң суммадагы салыкты төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча айыпталган.

Буга чейин Гойхман Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан “Коммерциялык жана башка уюмдарда кызматынан кыянаттуулук менен пайдалануу”, “Кылмыштуу жол менен өтө чоң өлчөмдөгү каражаттарды легалдаштыруу” кылмыш иштери боюнча күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Андан сырткары, Гойхмандан 489 миллион сом мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн. Кечээ, 15-январда Жогорку сот буга чейинки соттук инстанциялардын чечимин күчүнө калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости