www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
же дагы бир жолу президенттин маалыматтык жана кадр саясаты жөнүндө...
“Жаңы ордо” гезитинин 1-июндагы санында (№19) Бекен Назаралиевдин “Президенттин катчысы же Фарид Ниязов менен Алмаз Усеновдун эң ишенимдүү шакирти Толгонай Стамалиеванын ишмердүүлүгү туурасында учкай кеп”- деген макаласы жарык көрдү. Негизинен эле Бекен аке калыстыктан тайбаган, адилеттик үчүн күрөшкөн калемгер экенин эч ким танбас. Мынабул макаласында да автор калыс, адилет ойлорун ортого салыптыр, президент Жээнбековго кулак кагыш катары сунушталганы көрүнүп турат. Мен дагы үн кошкум келди...
Бүгүнкү күндө президенттин дарегине: “көрсө, эр жүрөк адам экен, экс-президенттин кадрларынан аз эле убакыттын ичинде тазаланууга жетишти”, “коррупцияга каршы чыныгы күрөш эми башталды, баракелде!”- таризинде дифирамбалар айтылып жатат. Мунун баарына баа бере турган мезгил азыр эмес. Айтайын дегеним – Кыргызстанга президент болуу напсиси бешенесине жазылып калган кимиси болбосун, ишти дал ушундай өңүттө баштаган. Мына көпчүлүк азыр Акаевдин өлкөбүздү экинчи Швейцарияга айлантып жибергиси келгенин күлкү-каткырык менен гана эстейт. Ошол сынары, кийинки президенттер деле үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөнү, казынаны куруткан жемкорлорду катуу жазалоону, сот реформасын баштап, калыстык, адилеттүүлүктү орнотууну убада кылышкан, анысы кооз сөздөр, жалган статистикаларга оролуп, массаны далайга чейин алдашкан. Жээнбековдун азыр баштаган иштери да акыр-аягы мурунку президенттердикиндей жыйынтыксыз күм-жам болуп кетет дегенден алысмын, болгону, айтайын дегеним – анын бүгүн баштаган ишине баа берүү али эртелик кылат. Анын үстүнө, эгерде президент Жээнбеков берген убадаларын, айткан-дегенин так ушул тушта курап жаткан (айрым майда “устукандар” эле калды) командасы менен ишке ашыргысы келсе, жумшак айтканда, терең жаңылышат. Көпчүлүк калк чоң үмүт менен карап жаткан Сооронбай Жээнбеков атын тарых барактарында алтын тамгалар менен жазгысы келсе, өз ишин мыкты билген, тажрыйбасы мол, эл сүйгөн адамдардан күчтүү команда түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мына ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалана алдыбы? Чындык ачуу болсо да айтууга туура келүүдө: азыркы дайындалган кадрлардын бири да ууга жарабайт! Анын үстүнө, тигил же бул адамдын кандай жагдайда дайындалып калганы, кимге тууга, кимге дос, кимге таяке-жээн экени тез эле билинип, шермендеси чыгып жатат.
А эл ичинде акыркы кадрлык дайындоолорго кандай баа берилип жатат, кызыгып көрдүңөрбү? “Калк айтса калп айтпайт”: чын эле, аста-секинден абай салып караган адам кадр дайындоодо жеке Жээнбековдун өзүнө берилгендик жана Атамбаевден кол үзгөндүгү чечүүчү сапат боло баштагынын байкайт. Туйгунаалы Абдраимовду “в случае чего” Сары өзөндү толкутпай басып туруусуна үмүт кылып Чүйгө өкмөт өкүлү катары дайындашты (анткен менен анын эл арасында кадыр-баркы дээрлик жок экени дайын). Бирок, ал андан мурун “Кыргызстанда эки шизофреник бар, бири – Алмазбек Атамбаев”- деп экс-саламаттыкты сактоо министри катары койгон диагнозу үчүн Жээнбековго жагып, кызмат алганы айтылууда. АШАнын командасында жүргөн абдили, фариди, ким болбосун азыр андан куйрук түйүп, кол үзсө, Жээнбековдун командасына кирүүгө жолун ачат. Мисалы, парламенттин күнкарама депутаттарын сөз кыла турган болсок, булар мына АША кеткенден кийин деле аны колдоп жанталашып жатпады беле! А эмнеге анда кечээ өздөрү кабыл алган чечимдерине каршы башка чечим кабыл алышууда? Анткени, саткындык бул депутаттардын 98 пайызынын канында бар. “Бул адамдар Акаевди, Бакиевди саткан. Эми алар Атамбаевди сатышты. Эртең Жээнбековду да сөзсүз сатышат”,- деп ошондуктан Азимбек Бекназаров парламенттин депутаттарына туптуура диагноз койгон. Депутаттар азыркы бийликтин арыгын жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлоп чаап баштады. Болбосо, булар позициясын өзгөртпөсө, таркап кетишмек, ошондон коркушту. Баса, Туйгунаалы Абдраимов кечээ эле Бакиевдин жанында жүрүп министр, элчи болгон, Атамбаевдин тушунда Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп тургандыгы, шайлоодо добуштарды бурмалап ызы-чуу болгонун унутуш кыйын. 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынын курамынан Бабановго жакпаган талапкерлерди тизмеден чыгарганы үчүн четте качып жүргөн олигархтан ири суммадагы акча каражатын алгандыгы да айтылып жүрөт. Ооба, президенттин шайлоодо ал Атамбаев менен келишип алып, Жээнбековго иштеп берди. Бирок, Соке президент болуп, АШАдан кол үзө баштаганда саясий кырдаалды “туура” баалап, “шизофреник” дегенин чыгара коюп, кызматка барды. Президенттик аппараттын аймактык саясат бөлүмүн жетектеген Турдуназир Бекбоевди биринчилерден болуп Атамбаевди сатканы үчүн эле жанына алып барып алдыбы? Болбосо, АШАнын тушунда министр болуп жапжакшы иштеп келгенин кантип унутууга болсун. Башкаларга салыштырмалуу, дал ушул кадры Жээнбековду көбүрөөк уят кылчудай, анткени анын аймактык кадрларга киришип, кимди кетирип, кимди коюуга дилгирлик менен киришип жатканы улам көп айтыла баштады. Татыктууларга басым жасаса бир жөн, жеке өзүнө ыңгайлуусуна карап атат. Жаңы башпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун биринчи экзаменин көрдүк. “Өткүрбегиң өткүр эмес эле, мокок экен, буга чейин башпрокурор болгон кыздарчалык жүрөгү жок экен”,- деген кеп жөн жерден чыга калган жок да. Ишенген кадры бул болсо, коррупция менен кантип күрөшөт?
Жээнбековдун кадр саясатынын дагы кайсы жагына купулубуз толбой турат? Учурда экс-президент Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнө тийиштүү маалымдоо каражаттары, биринчи кезекте жакында жаңы ачылган “Апрель” телеканалы президент Жээнбековду бастыра койбой сынга алууда. Алар баарынан мурда кыргыз эли үй-бүлөлүк башкаруудан өтө көп азап тартканын жакшы билишет, дал ошондуктан ушул теманы атайылап жайылтууга өтүштү. Биринчи кезекте президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен кудасы Алиярбек Абжалиевдин кадр маселесине кийлигишип жатканы жөнүндө сөздөр жайылтылууда. “Бизге үй-бүлөлүк башкаруунун кайра кайтып келишине даярсызбы?”- деген ойду коомчулуктун акыл-эсине кыттай куюшууда. Калыстык үчүн айтып коюу парз – айрым жагдайлар боюнча А.Жээнбеков же А.Абжалиевдин кийлигишкен учурлары жөнүндө Ак үйдө ачык эле айтып жатышат. Президенттин каршылаштары бул теманы козгоо менен эмнеге даярданып жатышат дейсиз? Атамбаевичлер жаңы бийлик менен тил табыша албай коюшту, демек, Жээнбековду мөөнөтүнө мурда кетирип тынуу зарыл. Жээнбековго каршы Атамбаев башында турган оппозициянын бул маалымат чабуулуна президенттин маалыматтык саясатты тейлеген бүтүндөй чон бөлүмү татыктуу жооп берип жатабы? Бир сөз менен айтканда: жок! Анын эң негизги себеби бөлүмдү жетектеген Толгонай Стамалиевада жатат. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз болбойбу: Толгонайды Жээнбековго кетеринде Алмазбек Шаршенович өзү “мураска” калтырып кеткен. Ооба, АША көп эле өзүнө жакын адамдарды Жээнбековго таңуулап, калтырып кеткен. Мисалы Фарид Ниязов, Манас Арабаев өңдүү. Көпчүлүгү көп өтпөй кызматтан кол жууп кеткен менен, бир гана Толгонай Стамалиева ордунан козголбоду. А бирок, аны бул орунда канчалык көп кармап туруу ошончолук опурталдуу экенин мамлекет башчысы түшүнбөй жаткандай. Бүгүн Т.Стамалиева мурдагы шефи Алмазбек Атамбаевдин бузуку саясатынан Жээнбековду коргомок тургай, билбеген-укпаган позада туруу менен кайра ага жардам берип келүүдө. Президенттин дарегине канча сын-пикир айтылып жаткан менен Толгонайдын ага жооп кайтарганын уга элекпиз. Бекен Назаралиев басма сөз катчынын мыкты үлгүсү катары Россия президентинин кеңешчиси да болгон Дмитрий Песковду айтып кетиптир. Мен алыс барбай эле үлгү катары биздин эле Кыргызстандагы Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовду мисал катары тартат элем. Анткени, ИИМ боюнча кандай сын айтылбасын, майда-чүйдө дебей, баарына өз учурунда так жооп бергенди билет. Толгонайда андай сапат кайдан болсун? Президенттин маалыматтык саясатын жүргүзө турган адам журналисттерге ар дайым ачык болушу керек. А бизде тескерисинче, Толгонайга караганда шефи Сооронбай Шариповичти тапкан оңой. Бүгүн мына ошол журналисттерге “недоступен” болгон Толгон айым кандосу Алмаз Үсөнов, эски шефи Фарид Ниязовдордун эле тапшырмасын аткарып жаткандай туюлуп жатат бизге. Эгер чын дилинен азыркы ишине, жалпы эл шайлаган президентке күйчү болсо иш нугун башкача алып бармак да. Же, айрым коллегалар айтып жүрүшкөндөй, анын кесиптик деңгээли бул ишке жетпей жатабы? Өмүрү колуна калем кармап, макала жазып көрбөгөн, журналисттерди дос-подружкелери, анан калгандарына бөлүп караган, жылдызы келишпесе орой мүнөздө кагып силккенди адатка айлантып алган Толгонай Стамалиевадан анда президент эмнени күтүп олтурат? Мына азыр ал жакында кызматтан көчүккө тебилгени турган Илим Карыпбековдун ордуна подружкеси, КСДПнын штабында президенттик шайлоодо чогуу иштешкен, кечинде кафелерде бирге чартаңбай тепкенди жакшы көргөн Жылдыз Жумабекованы алып келгени жатканын уктук. Мурун бир кезде “Ала-Тоо” маалымат программасында ишти жөндөй албай кетирилди болгон Жылдыз ошондо эле “...мен келем. Келгенде да гендиректор болуп келип силерге көрсөтпөсөмбү?”- дегенин эстеп калышат жамааттагылар. Мына ошону Толгонай чуркап жүрүп, канча татыктуу кадрлар турганына карабастан КТРКга баш директордун орун басары кылып дайындатты. Азырынча. Келгенине эч канча убакыт бололек Жумабекова КТРКдан өсүп такшалып, 5-канал, “Интерньюс”, НТСте 15 жылдай убакыттан бери эмгектенип, эл оозуна алынып калган тележурналист Чынара Токонованы Жогорку соттун пресс-катчысы Сюита Соурбаеванын материалдарын эфирге чыгарып койгону үчүн жемелеп, жыйынтыгында бул кыз республикалык оорукананын неврология бөлүмүнө “геморрагический инсульт” диагнозу менен жаткырылды. “Сюитага өчү бар экен, аны көчөдө чечпейби? Же кайсыны көрсөтсө өзү биле тургандай КТРК эмитен эле Жылдыз Жумабекованын менчиги болуп кетти беле? Мына ушул факты Жылдыздын гендиректорлукка олтуруп калышына учурда тоскоолдук жаратып жатканы дайын. Ошондуктан, ал Чынара Токонованы оозго алгыс ит сөздөр менен тилдеп-опурулганына күбө болгон журналист кыздарды Илим экөө бирден чакырып, окуяны таптакыр тескери нукта сүрөттөп түшүнүк кат жаздырууга жанталашып жатышат. Мындай арамды билбеген жаш кыздар чалкасынан кетишип, “бизге эмне тарбия көрсөтүп жатасыздар, Чынаранын бетин кантип карайбыз?”- десе, Илим кыйын болуп, “ал кыздын жыты да жок бу жерде, эртең Жылдыз гендиректор болот, жумуштан кол жууп калбагыла”- деп жатканы кандай шумдук?! Жумабекова эмитен эле КТРКнын эмгек жамаатына 37-жылкы репрессия убагындай мамиле кылып жатса, эртең Стамалиева менен Карыпбековдун “барбаросс” планы ишке ашып кетип, баш директорлукка бекитилип калса эмне болот, айтууга ооз барбайт!”- деп сайттардын биринде жазылыптыр. Айтор, Стамалиева өзү олтуруп алып АШАнын саясатын тымызын колдоп күүлдөгөнү аз келгенсип, КТРК өңдүү чоң маалыматтык машиненин рулуна да атамбаевчи кадрды жылдырууда. Биздин гезит бир жума мурун жазгандай, Толгонай Стамалиева керек болсо мамлекетке караштуу ММК аркылуу деле президенттин ишин жеткиликтүү чагылттыра албай бушайман жеп жатат. “Кабар” маалымат агенттигин бийлик башындагылар Кубан Таабалдиевге менчик кылып берип койсо керек, каалаганын жасайт, бирок, президент Жээнбековдун кадамдарын колдогонун көрбөдүк. Азыр “Кабарды” эч ким окубай калган, кечээ ачылган майда сайттардын рейтинги андан эчак ашып өткөн. Башка да мамлекеттик малымат каражаттары жыргатып ийген жок. АШАнын тушунда дайындалып калган редакторлордун колунан эмне келет эле? Бул жактан президенттин пресс-кызматы тапшырма бербесе, аларга ынгайлуу эмеспи, бир эле учурда АШАга да аны жамандап-этпей жакшы көрүнүп, берилгендигин далилдеп жатышат. Бирок, бул жагдайды тезинен өзгөртүү керек. “Толгонай Стамалиевада өң да, деңгээл да жок болуп чыкты”,- деген кепти сүйлөгөндөрдүкү чын чыгып жатабы ошондо? Анын ишти жөндөй албастыгы ЖКнын пресс-кызматында жүргөнүндө эле билинген... Президент Жээнбеков саясий келечегин, ишинин натыйжалуулугун ойлосо – бул кызды кетирип, ордуна татыктуу, тажрыйбалуу журналистти алып келиши керек.
Үй-бүлөлүк башкаруу, жердешчилик темасы мындан ары да каршылаштар тарабынан көтөрүлө берет. Атамбаев деле кээде туура айтат. Ал азыркы президент мындай сөздөрдөн оолак болуу үчүн иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыры керектигин айтпады беле. Асылбек Жээнбековдун чындап мамлекеттик иштерге кийлигишпесе деле, анын таасирин эч ким жокко чыгара албайт, ошондуктан, анын турганы ашыкча сөздөрдүн чыгышына гана себеп болуп жатпайбы. А бирок, эгерде Жээнбеков эч ким тааныбаган бир кадрлардан көрө иштин көзүн билген, эл билген, эл жактырган адамдардан команда кураса – маселе өзүнөн-өзү чечилип калмак. А эгер пресс-катчысы мыкты болсо, жасаган иштери текке кетпейт...
Нургазы Анаркулов
Булак: "Майдан.кж"