www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен президенттин Кытайга иш сапар менен бараары алдында баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. Анда, кеп башынан болсун.
- Аликбек мырза, президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапар менен Кытайга барары маалым болду. Бул визит көпчүлүктү санаркатып, түйшөлтүп жаткан Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жер жана тышкы карыз маселесин чечкенге жол ача алабы?
- Менин оюмча, тышкы карыз боюнча өтө түйшөлүүгө же кыжаалат болууга негиз жок. Себеби, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери, кыргыз-кытай ортосундагы эки тараптуу мамиле туруктуу жана жакшы өнөктөштүк багытта өнүгүп жатат. Саясий-экономикалык жактан да, маданий жактан да пикир келишпеген маселелер жокко тете. Эл аралык саясатта дагы көпчүлүк учурда көз караштарыбыз карама-каршы эмес. Мына, ушул нерселер мамилебиздин бекемделишине шарт түзөт. Маанилүү маселелер боюнча, биз менен тилектеш экенин билдирип, колдоо көрсөтүп келе жатышат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө алар бизге кыянаттык кылат, же, жамандык кылат деп кооптонбой деле койгонубуз оң.
“Президентти кандай тосуп алышат, жакшы мамиле кылышабы?”- деп, кыжаалат болбой деле койсок болот. Анткени, дүйнөлүк дипломатиялык тажрыйба боюнча эл колдогон, эл шайлаган президентти жакшы маанайда жана жогорку деңгээлде тосуп алууга аракет кылышат. Бул нерселер эл аралык мамилелерде мыйзам ченемдүү салт. Ошон үчүн Сооронбай Шарипович Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Түркияга барганда урмат-сыйга бөлөндү.
Президенттин Кытайга алгачкы сапары болгондуктан, тышкы карыз маселеси козголбош керек. Мисалы, кыргыздар дагы биринчи жолу келген коноктун көңүлүн оорутпай, сарсанаа кылдырбай сыйлап, жакшы маанайда узатканга аракет кылат, мындай ыкма эл аралык мамилелерде дагы колдонулат.
- Бирок, антип жооткотконуңуз менен Кытайдан алган карыз коомчулуктун көңүл борборуна алынып, “учурунда төлөбөсөк Кытай тарап катуу чараларды көрөт”- деген да кооптуу пикирлер арбын айтыла баштады го. Ал тургай Тажикстандай кылып, жерибизди баалап алып коёт деген коркунуч да жаралды. Буга не дейсиз?
- Менин оюмча, Кытайдан мурун “реваншистер” элди дүрбөтүп, түрдүү кептерди айтып, атайын козутуп жатышат. Ошол насыяларды коррупцияга малынган аткаминерлер өзүлөрү бийликте турганда алып, ошондой маселени жаратышпадыбы. Азыр жөн жатпай, аны өрчүтүп жатышат. Чынында, насыяларды өтө чоң пайыз менен кыска убакытка алышкан. Ошондуктан, ал насыяларга өздөрү жооп бериш керек, муну күч органдары дыкаттык менен далилдеп, мыйзамдуу жазасын бериш керек, аны эл дагы күтүп жатат.
“Реваншистер” айтып жаткандай, кытайлар күтүлбөгөн кадамдар аркылуу Кыргызстанды жарга такап, коколобойт. Бизге, Кытай менен эки тараптуу мамиле кандай маанилүү болсо, алар үчүн дагы ошол мамиле абдан маанилүү. Тескерисинче, Кытай Борбордук Азия мамлекеттери менен мамилесин жакшыртууга кызыкдар.
- Кыргызстандагы Кытай элчилиги жайгашкан 3 жарым гектар жерди Пекиндин 25 сотухуна айрыбаштоо маселесинде да эки ача пикирлер жаралды. Сиздин көз карашыңыз боюнча бул жерден Кыргызстан уттубу же утулдубу?
- Негизи жер маселеси боюнча биз шашпай, кызуу кандуулукка алдырбай, элди дүрбөлөңгө салбай, чуу түшүрбөй карасак болмок. Анткени, жер менчикке эмес, арендага берилди. Бул маселе бүгүн көтөрүлүп, коомчулук чуру-чуу түшүп жатканы менен, ал жер тилке 2003-жылы эле чечилип калган. Ошон үчүн ал жерде имараттардын салынганына 10 жылдан ашты.
Өзгөчө мамлекет башчынын Кытайга алгач сапарынын алдында, бул сөздөр, маалыматтар чагымчылдык иш-аракеттердей көрүнөт, анткени Кытай тарап дагы, өзүлөрүнүн элчилиги аркылуу маалыматтарды карап, коомдун маанайын байкап турушат. Мисалы, убагында, ошондой эле шарт менен АКШын элчилигине деле, 4,5 гектар жер берилген, “чагымылдар” аны эмнеге айтып чыгышпайт?! Себеби, бул жерде кызыктар тараптын саясий оюну жүрүп жатат.
Ал эми, элчилик жөнүндө. Буга чейин, биз жылыга 100 миң долларга жакын каражатты Беэжинде ижара акысын КРнын Кытайдагы элчилиги төлөчү. Ал эми Кытай тарап, Бишкекте, жыл сайын 11 миң доллар гана төлөп, биз 10 эсе уттуруп жатканбыз. Бул сапар утуш биз жакта болду десе болот, анткени мындан ары казынадан жыл сайын чоң акча кетип турбайт. Ошондой эле, эгемендүү мамлекеттин дипломатиялык шаарында Кыргызстандын элчилигин “аймагы” болуп калганын да жакшы жөрөлгө катары бааласак болот.
Дипломаттар бул маселе коомчулуктун көңүл борборуна алынып, эки ача пикир жаралып, чуру-чуу түшкөндө гана түшүндүрүп калбай, эбак эле элге түшүндүрсө эл мынчалык ызы-чуу кылмак эмес. Андан тышкары, эң ток этээр жерди белгилей кетүү керек. Дипломаттар пайдаланган жер менен коммерциялык максатта берилген жерлерди (ишкана, өндүрүш, курулуш курганга, ж.б.), бөлүп карасак туура болмок. Анткени, бул дүйнөлүк тажрыйба. Кандайдыр бир деңгээлде, кайсы бир жеке кытайлык тарапка (компанияга) жерлер берилген болсо, анда ал башка маселе жаралып, дүрбөлөң салса жарашат. Анда, мен дагы, элге кошулуп, калыс сөзүмдү айтып, колдомокмун.
- Дипломатиянын эрежелерин жакшы билесиз, тышкы саясаттагы жагдайларды айттырбай түшүнөсүз. Президенттерди жакшы тосууда кимдердин салымы зор болот?
- Эң биринчиден дипломаттардын салымы абдан зор болот. Анткени, дипломаттар ар бир мамлекеттин президенти келе жатканда, ошол президенттер тууралуу жана анын жасап жаткан иштери боюнча толук маалымат беришет. Эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтери, элчиликтин өкүлдөрү сүйлөшүп, долбоорлорду даярдап, программаларды түзүшөт. Анан боло турган “күн тартибине” жараша даярдык көрүлөт. Кыскасы, тышкы саясатта да, ички саясатта дагы президенттин ар бир кадамы эске алынат.
Сооронбай Шарипович Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине да президент катары биринчи жолу бара жатат. Биздин мамлекет үчүн бул абдан маанилүү сапар, анткени, биздин тышкы саясатыбызды, ШКУга карата мамилебизди, багыттарды аныктап берет. Мындай мезгилде көп маселе дипломаттардын колунда болот. Өзгөчө, президенттер жекеме-жеке сүйлөшкөндө көп маселелер чечилет. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилени мындан ары да, бекемдеп жана маселелерди туруктуу чече турган кадамдарды жасагыдай сөздөр айтылышы, кадамдар жасалышы абзел.
- Анда, Кытай бизге айрым багыттар боюнча кол кабыш кылууга аракет кылса да, эмне үчүн алар тууралуу терс пикирлер кошо айтылат?
- Анткени, геосаясатта чоң оюндар болот, өзгөчө биздин чөлкөмдө. Деги эле чоң мамлекеттердин арасында атаандаштыктар күчтүү болгондуктан, сырткы күчтөр бизге окшогон чакан мамлекеттерди пайдаланып, кошуна элдердин ынтымагын бузууга, кайраштырууга аракет кылышат. Ошол үчүн, кээде акылга сыйбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатышат.
Ал эми биздин “реваншистер” болсо, улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин туруктуулугун ойлобой, жеке өч алуу максатында коррупцияга шектелип жатканына карабастан чагымчыл аракеттерин улантып жатышат. Деги эле, алардын ушундай иштери, Кыргызстанга, кыргыздардын аброюна шек келтирет. Менин оюмча, аларга күч органдары чечкиндүү чараларды көрүш керек, аны эл дагы күтүп жатат.
Учурда президент бардык нерсени мыйзамдын алкагында чечкенге аракет кылып жатат. Ошол үчүн коомчулук бир аз сабырдуу болуп, кылынып жаткан иштерди колдош керек, мен ойлойм, алар өз жыйынтыгын берет.
- Башка мамлекеттерден карыз алууда Тышкы иштер министрлигинин да жоопкерчилиги болобу?
- Албетте, башка мамлекеттен карыз алууда Тышкы иштер министрлигинин да жоопкерчилиги чоң болот. Анткени, насыя алаарда, министрлик насыя бере турган сырткы тараптын кандай шартта акча берерин толугу менен шашпай жана мазмундуу иликтеп, жеке кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын ойлогон, алдыга койгон корутундуну ала турган тараптын шарттарын, тажрыйбасын карап бериши керек. Мына ошондо, карыз алуу маселесинде бири-бирине болгон шылтоолор, жоопкерчиликти оодаруулар болбойт эле.
- Президенттин кызматка киришкенине туптуура алты айдын жүзү болуптур. Сооронбай Шарипович алты айдын ичинде кандай иштерди жасоого үлгүрдү?
- Президенттин сүйлөгөн сөзүнөн, жасап жаткан иштеринен улам элде үмүт пайда болду. Ошондой эле мамлекетти сазга батырган ооруулардан арылып, акырындык менен бийликти тазалай баштады. Ошондой эле тышкы саясатта салкындаган кошуналарыбыз менен болгон мамилелерди бекемдеди. Кыскасы, президент аксап жаткан кадр саясатын да колго алып, тажрыйбалууларга, билимдүү жаштарга басым коюп, тең салмактуулукту сактаганга аракет жасап жатат.
Биз бир нерсени туура түшүнсөк туура болот эле. Азыр, Башмыйзам боюнча президенттин укуктары чектелген. Экономикага президент эмес, өкмөт менен Жогорку Кеңеш жооптуу экенин түшүнүп, бир эле кишиден талап-доомат кылганды токтотуп, жапа-тырмак кол-кабыш кылып, бири-бирибизди жамандаганды, көрө албастыкты токтотуп, жакшылыктан үмүт кылып, жаратман ойлорду жүгүрткөнгө мезгил келди. Анткени, уучубуз куру эмес, мамлекет көңүл бурбаса дагы кыргыздын намысын коргогон улан-кыздар чыгып жатат. Мына ушуларга каниет кылып, жакшылыктан үмүттү үзбөшүбүз керек.
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Майдан.кж"