www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн, 1-июнда Улттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына митингге чыгары айтылды.

Алар бул тууралуу 31-майдын түнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулганда билдиришти.

Митингден тышкары депутаттарды колдоочулардын элдик штабын түзүү да пландалууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда атайын кызматка сурак беришкен.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Эске салсак, кечээ, 31-майда УКМК "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын маалымдаган.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости