www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул татаал мезгилде өнөктөш өлкөлөр менен бири-бирибизди колдоо, жардам берүү күчөдү десем болот. Жалпы эле адамзат сыяктуу мына ушундай татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы гуманитардык мамилелер чыңдалды десем жаңылышпайм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек куруп жатып айтты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан алыскы, жакынкы өнөктөш мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын чоң колдоосун сезгенин белгиледи.
"Россиядан келген медиктер биздин дарыгерлерибиз менен эриш-аркак иштешти. Бул абдан жакшы колдоо болду. Covid-19 илдети менен күрөш башталган алгачкы күндөн тартып Россиянын, президент Владимир Путиндин жеке колдоосу чоң болду. Ушул окуя менен биздин стратегиялык өнөктөш, союздаш өлкө Россия Федерациясын чын дилимден өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан куттуктайм. Ийгиликтүү болуп, дүйнө эли бул илдеттен арылабыз деп үмүт артып турабыз", — деди президент.
Булак: NazarNews.kg