www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Коронавирус инфекциясы пандемиясынын дүйнөлүк экономикага таасирлеринин шарттарында банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун, стабилдүү макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү финансылык-банктык системанынын туруктуулугун, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо зарылдыгын белгиледи.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эл аралык каржылык рыноктордо жана өлкөлөрдүн экономикасында жаралган кырдаалда улуттук экономика үчүн коркунучтарды болушунча төмөндөтүүнүн маанисине көңүл бурду.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттеринин таасири тийген экономика чөйрөлөрүн, ишкерлик субъектилерди жана калкты колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү, кардарларды тейлөөнү санарип платформаларына которууга жана ал кызматтардан пайдалануунун ыңгай-шарттарын жогорулатууга максималдуу мүмкүнчүлүк берүүчү аралыктан идентификациялоо системасын киргизүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында банк жана төлөм системалары төлөмдөрдү төлөө, которуу операцияларын үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантып, экономика тармактары менен калктын банктык кызмат көрсөтүүлөр жана акчалай каражаттар боюнча муктаждыктарын өз маалында камсыздап келе жатканын белгиледи.

Төлөмдөр жана эсептешүүлөр коммерциялык банктар көрсөткөн дистанттык негиздеги санариптик каржы кызматтарын пайдалануу менен өлкөнүн бардык аймактарында орнотулган банктык жабдуулар: 1 744 банкомат, 11 260 POS-терминал жана 1 927 төлөм терминалы аркылуу да жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам келип чыккан экономикалык кесепеттерди жумшартуу, ошондой эле ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүн жана калкты колдоо максатында кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди.

Улуттук банк башка чаралар менен катар финансы-кредиттик уюмдарга займчыларга насыя төлөмдөрүн төлөөсүн үч айдан кем эмес мөөнөткө жылдырууну сунуштаганы, кредиттерин кечигип төлөөсү үчүн айып салууга жана үстөк акча алууга, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууда комиссиялык төлөмдөргө тыюу салынганын белгиленди.

Улуттук банктын төрагасынын берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар тарабынан займчыларга жеңилдиктерди берүүнүн алкагында жалпы суммасы 58,1 млрд сомдук 90 151 насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылуу менен коммерциялык банктардын насыяларды кайра түзүмдөштүрүү процессине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости