www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк районунан алып келинген 55 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 7-майда бир айдан ашык Казакстандын чек арасынан өтө албай кармалып турган 541 мекендеш автобус менен Бишкекке алып келинген. Алардын баары обсервацияга жаткырылган болчу.

“Соль-Илецкиден Бишкекке чейин төрт күн жол жүрүшкөн. Автобуста тыгыз контакт болуп бири-бирине жугузуп алышкан. Жуктургандардын 40ы эркек, 15и аял. Алып келинген жарандар “Семетей” мейманканасындагы обсервацияга жаткырылган. Ошол эле учурда биз койгон талаптарга баш ийбей, обсервациянын тартиптерин бузуп жатканы өкүндүрүүдө. Жаман сөздөрдү айтып, медиктерди жөөлөп, туура эмес жагдайлар катталды. Мындан улам милиция кызматкерлерине кайрылууга аргасыз болдук. Алар үйүнө качып барып жакындарына, улгайган ата-энесине жугузарын түшүнбөй жатышат. Аларды таанып-билгендер, байланышка чыккандар болсо, силер дагы коркунуч бар экенин түшүндүрүп койсоңор деп суранат элек”, — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары, өткөн суткада Кыргызстандын аймактарынан дагы 16 адамдан COVID-19 аныкталды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости