www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атылып, жоокерлерибиз жаракат алган жаңжалдын анык себебин билүү үчүн Көк-Таш айылынын тургуну, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Абдиманап Шайдуллаевди кепке тарттык.

--Абдиманап мырза, жаңжал эмнеден чыкты? Ким биринчи ок атты?  

--Тажиктер кыргыз тарап биринчи ок атты деп, адаттагыдай эле бизге болгон дооматты оодарып жатышат. Чынында чырды да, окту да тажиктер чыгарды. Кыргыздар бейкапар эле эгин-тегинин тигип, огороддорунда иштеп жатышкан. Тажик тарап бул биздин жер деп дубалдын тешигинен  чек арачыларды биринин артынан бирин сулайта эле атып салышты. Ок жеген чек арачылардын акыбалдары оор болуп, ооруканада жатат.

Баса, ызы-чуу болгондо келген каскачан жигиттер колунда куралы жогунан жарадар болгон балдарды алып чыга албай, бир топко буйдалышты. Тажик тарап баарын өздөрү кылып алып, анан дооматты дагы бизге койгонго үлгүрдү.

--Не себептен кыргыздарга доомат койгонду абдан өздөштүрүп алышты?

--Анткени, чыр чыкса, маселени чечип бергиле деп талап кылсак, тажиктерге жараша жооп кылсак, укук коргоо органдары бизди суракка алат. Ал турсун тың чыкма, мекенчил жигиттерибизди камайт. Айтканыбызды укпайт. Чындыкты айтып, телевидениеге чыксак, суракка чакырып кыйнашат. Өз бийлигибиз бизге ушундай мамиле кылып, төө бастыга алып жатса, анан тажиктер аямак беле. Атып салып кете беришет да.

--Көк-Ташта маселе жер алмашуу менен чечилет. Мындан ары жаңжал чыкпайт дешти эле го?

--Маселе чечилген деле жок. Тагыраагы, жер алмашуу менен чырларга чекит койдук деген сүйлөшүү  биздин пайдага эмес, тажик тараптын пайдасына чечилгендей болгон. Биз ошол замат эле маселе чечтик деген чоңдорду сындап, өз чындыгыбызды айтып чыкканбыз. Тагыраагы, өзүбүздүн жерди өзүбүзгө  алмаштырасыңарбы деп айыптаганбыз. Ошондон бери ал маселе эмне болгонун билбейбиз.

--Тажиктер неге маал-маалы менен жер талашып, ызы-чуу салып турушат?

--Анткени, алардын суу кеткен чоң каналды ээлеп алгылары келет. Ал каналга ээлик кылып калышса, Баткенди кууратып жок кылабыз. Лейлекти анклав кылабыз дешет. Ошон үчүн маал-маалы менен ушундай чырларды чыгарып, элдин тынчтыгын бузуп  турушат.

Бирок, бийлик бизди куугунтуктаса дагы, суракка алып кыйнаса да, тажиктер жерибизди талашса да, чүнчүп отуруп калбайбыз. Ата-бабабыздан калган жерди эч кимге бербейбиз. Намыс үчүн көчүп кетпей, кыйналсак да жашайбыз.

--Жашоо-шартыңар кандай? Эмне менен жан сактайсыңар?

--12 сотыхтан гана огород берилген. Ошол жерге өрүк тигебиз. Бирок, ал өрүктүн түшүмү бир үй бүлөнү бага албайт. Тажик менен чектешкен жерде, оор шартта жашасак дагы жогоруда айткандай, Баткенди кууратып жок кылбаш үчүн, Лейлекти анклавдан сакташ үчүн чакан айыл болсок да, миң-миңдеген тажиктерге туруштук берип жашай беребиз. Эч качан ата-бабабыз мекендеген жерди таштап кетпейбиз.

--Катаал шартта жашаганыңар үчүн карантин учурунда элге берилген  жардам силерге да берилдиби?

--Бизде пособие алгандар гана бир мүшөктөн ун алышты. Башкалар гумжардам деле алган жок. Биз айылдабыз го деп өзүбүзчө топук кылып, шаар жериндегилер карантинден кыйналып жатышкан окшойт деп сураган деле жокпуз.

Бирок, биз сурабаганыбыз менен чоңдор аткезчилик жол менен эл ачка отурса, камаз-камаз ундарды, бензиндерди Тажикстанга алып өтүшөт. Кыйын кырдаалда ун ташып берип, аларды багышат. Тоюп алышып, алар кайра бизге ок чыгарып, жоокерлерибиз жарадар кылышат. Негизи булар мусулманбыз деп коюшуп, бирок акылга сыйбаган иштерди кыла беришет. 1989-жылы да курман айт күнү кол салышкан. Азыр кудайдын улуу күнү орозодо кол салышты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости