www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда социалдык тармактарда Кыргызстандагы экс-президентке мамлекет тарабынан берилген айрым артыкчылыктарды алып салуу сунушталып, кызуу талкууга алынууда. Аталган мыйзам долбоорун "пивочу", азыркы бийликтин Арзыматы Жеңишбек Токторбаев 23-августта коомдук талкууга чыгарган. 

Азыркы мыйзамга ылайык, экс-президенттерге бир катар артыкчылыктар берилген:

— экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот;

— акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт;

— президенттин бир айлык эмгек акысынын 75% өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып турат (бул артыкчылыктар пенсия курагына жеткенде да сакталып калат);

— мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет;

— экс-президент аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарын акысыз пайдаланууга укуктуу;

— экс-президент өлкө аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ. Экс-президенттин почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк разрядда жөнөтүлөт (жиберилет), иштетилет жана жеткирилет (16-берене).

Токторбаевдин токуган, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, экс-президенттин айрым артыкчылыктары алынат:

— экс-президент өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик күзөт кызматын пайдалана алат;

— экс-президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат;

— 16-беренеде каралган артыкчылыктарынан ажыратылат;

— жаңы президент кызматына киришкенден кийин экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны бошотушу керек.

Алсак, мамлекет башына беш адам келип кеткен. Алардын үчөөнүн экс-президент макамы жок. Мурдагы өлкө башчыларынын экөөнүн гана экс-президент деген макамы бар. Алар — Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков.

Кызыгы, деңгээли айыл өкмөттөн чыкпаган, оозуна келгенди оттой берген, беш эчкисин дүнүйө көргөн депутат Жеңишбек Токторбаевдин жогорку кадамын кандай түшүнсөк болот? Же Ак үйдүн арзан тамагы, бийик "креслосу" каада көрбөгөндөрдү эчкиртип, эликтирип жибереби айтор, Жеңишбек мырзанын саясаттагы буюртма жеңиши бир күндөрү таз башына чач чыгарбаса болгону. 

PS: Айрым маалыматтар reporter.kg сайтынан пайдаланылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости