www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Биринчи радиосунун" түз эфиринде Кыргызстанда аялдардын паранжа кийиши тууралуу пикирин билдирди.

Иманкулов Кыргызстандын Конституциясы дин эркиндигине кепилдик берерин жана мамлекет диний маселелерге кийлигишпөөсү керектигин, бирок бул жааттагы процесстерди улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн көзөмөлгө алышы керектигин баса белгиледи.

"Көптөгөн экстремисттик уюмдардын ячейкалары ушинтип жаралган. 1999-2000-жылдары теракттар болгону эсиңердеби? Аларга биздин жарандар кантип кошулган? Кара-Кулжа районунун борборунда молдо делген адам балдарды ислам баалуулуктарын түшүндүрүү шылтоосу менен өз үйүнө чогулткан. Натыйжада балдар бул топторго кошулуп, 10 бала Ооганстанга барып калган. 

Андан сырткары, 2010-2011-жылдары Токмокто абакта жазасын өтөп, психологиялык жактан дарыланган адам диндин нормаларын үйрөтөбүз деген шылтоо менен балдарды чогулткан. Алар балдарды интернет аркылуу террордук аракеттерге тартууга аракет кылышкан. Аларга ар кандай тапшырмалар берилген – жардырууларды уюштуруу, адам өлтүрүү ж.б. 

Эсиңиздерде болсо, Спорт Ордосунда жардыруу болгон. Ата-энелер, биринчиден, балдарынын динди кайдан, кантип, кимдер менен окуп жатышканына тийиштүү көңүл бурушкан эмес", - деди Иманкулов.

Ал ата-энелерди балдарынын динге болгон кызыгуусун көзөмөлдөөгө чакырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле айрым кийимдерге тыюу салуу чакырыктарына комментарий берди.

"Биз укуктук, демократиялык мамлекетпиз, адам укуктарын бузбоо керек. Бирок диний атрибуттарга, улуттук каада-салттарга каршы турууга болбойт. Ооба, бизде сонун салттар бар, миң жылдык тарыхыбыз бар. Аялдарыбыз кандай кийингенин, кантип элечек кийгенин жана чачтарын өргөнүн караңыз. Алара суктанып, аны даңазалаш керек. Бирок анткендин ордуна капкара болуп чүмкөнүп жатышат. Чынын айтсам, жеке мага да жакпайт. Бул багытта биздин имамдар, муфтият, Дин боюнча мамлекеттик комиссия көп иштерди аткарышы керек", - деди Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости