www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Марат Казакбаев деген бар. Кырдаалга жараша хамелеондой өңүн өзгөртүп, жыландай терисин алмаштырган жагынан алдына киши салбайт. Бул кишиде «кечээ мындай дедим эле, бүгүн минтип айтсам уят болом го» деген ой такыр жашабаса керек.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди. Кайран эргул Марат Казакбаев: «Азыркы келип жаткан кадрларга ишеним бар, такыр эле каралап отура бергенде болбойт, иштеп көрсүн, иштесин», – деп агынан жарылды. Деги кыйын киши да жевден кончко куюлуп, салаага токтобой жылмышкан…
Булак: "Фабула"