www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 28-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кеңешме залында “Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарын колдонуу укугу жана аларды талдоо” аталышындагы түзүмдөр аралык тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генарал-майору Кашкар Джунушалиев, ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, министрликтердин жана күч түзүмдөрүнүн 25 өкүлү, ички иштер министрлигинин кызматтарынын жана башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.
Министр Кашкар Джунушалиев өз сөзүндө “Кыргыз Республикасынын ИИМдин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин колдонуу укугу боюнча тегерек столго келген конокторго терең ыраазычылыгымды билдиремин. Биз билгендей, 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер күчүнө кирет жана биз кемчиликтерди кетирип албоо үчүн баарыбыз бирге бир багытта иштегенибиз туура. Ошондо гана биз Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстеринин натыйжалуу иштешине шарт түзөбүз. Ошондуктан бүгүнкү иштерди чогуу чечип, чогуу иштерди бирге алып барышыбыз керек. Бүгүн өтүп жаткан тегерек столдун максаты дагы ушул жана мындан ары дагы жүргүзө турган иштерибиз бир болсун. Баарыңардын ишиңерге дагы ийгиликтерди каалайм”- деп, өз сөзүндө белгиледи.
Ошондой эле Кашкар Джунушалиев 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган жаңы кодекстердин жоболору укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаны ишке ашырууга багытталат жана мунун негизги өзгөчөлүгү жарандардын укуктары менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүү керектигин баса белгиледи.
Баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин Тергөө кызматы аталган мыйзамдардын ишке кириши жана анын колдонушу тууралуу бирдиктүү багыттарды белгилешти.
Тегерек столдун катышуучулары укук коргоо органдарында киргизилип жаткан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен таанышышып, чет өлкөлөрдүн ушул тармактагы тажрыйбаларын мисал катары көрсөтүштү.
Тегерек столдун аягында жаңы мыйзамдарды колдонуу укугун жана талдоону ишке ашырууну эске алуу менен резолюция кабыл алышты.
Ошондой эле, уюштуруучулар мындай жолугушуулар маанилүү экендигин жана практикалык ишмердүүлүкө кемчиликтерди кетирбөөгө багытталгандыгын эске салышты деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg