www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барды. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүмбаева жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, кечээ, 10-февралда саат 23:50дө Досонов өзү адвокат менен кошо УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына келген.
“Менин кардарыма жер тилкесин мыйзамсыз басып алган деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деди адвокат.
Эскерте кетсек, 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновго байланышкан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg