www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 4-июль күнү автоунаа каржатын айдап качууга шектүү жаран кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 3-июлунда Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну 1970-жылы туулган Б.У. арыз менен кайрылган. 

Арызда 3-июль күнү саат 20:30дар чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынын жашоочусунун турак жайынын короосу тосулган дубалдан ашып өтүп, терезе аркылуу үйдүн бөлмөсүнө кирип, терезеде турган ачкычты алып, турак-жайдын гаражында турган күмүш түстөгү “Лексус GX 470” үлгүсүндөгү авто унаасын эч кимге билдирбестен, жашыруун түрдө айдап чыгып кеткенин билдирген.

Бул окуя Кара-Суу РИИБдин КЖБР катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүш иши башталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында авто унааны айдап башкарып жүргөн жеринен Отуз-Адыр айылынын тургуну 1998-жылы туулган Г.А. кармалды. Ал жеӊил акча табуу масатында ушундай ишке баргандыгын билдирген. Кармалган жигит мурда соттолгон.

Кылмышка шектүү азыр учурда Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалы жүргүзүлүүдө.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости