www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Абидов Ош облустук милициясына жетекчи болду

Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, аны 26-декабрда облустук милициянын жамаатына ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Жеңиш Абидов буга чейин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүн, Чүй облусунун Панфилов райондук милициясын жетектеген кызматтарда иштеген.

Мурдагы жетекчи Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Малик Нурдинов 24-декабрда ден соолугуна байланыштуу дарыланууга уруксат сурап, Ош облустук милиция башчылыгы кызматынан кетүү боюнча рапорт жазганы кабарланган.

Малик Нурдинов Ош ОИИБине жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Быйыл коронавирус пандемиясы учурундагы өзгөчө абал шартында Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон. Малик Нурдиновго мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 16-ноябрь күнү генерал-майор наамын ыйгарган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости