www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыр Абакиров Кыргызстанга таанымал куудулдардын бири. Өзүнүн кыргызчылыгы бар. Буга чейин NazarNews.kg маалымат агенттигине байланышка чыгып, парламенттик шайлоонун болбой тургандыгын жана Сооронбай Жээнбековдун 3 эле жыл президент болот деп айтканы бар. Бүгүн, 26-декабрда байланышка чыгып, президенттик шайлоо тууралуу маекке тарттык.

--Кыргызды кыргыз башкара албайт, кыргызды бирөө башкарышы керек. Анткени кыргыздардын ынтымагы жок, биримдик деген пикир баштарына да келбей жатат. Айрымдарына мамлекетүүлүк деген маселе эмес. Элден ынтымак кетти. Жакында боло турган президенттик шайлоо жокко чыгат. Болсо дагы жыйынтыгы жакшы эмес, Жапаров сак болбосо, абалы оор болот. Жарандык согушка кептелип, бир нече адамдардын каны төгүлөт. Жириновскийдин айтканы туура. Кыргыз эли бири-бирине баш ийбей акыры барып Кыргызстан Россияга кошулат. Кыргыз мамлекетинин жок болуп кетишине социалдык тармагы эл бузарлардын чоң салымы болсо, АКШнын кичимамлекеттерди будуң-чаңын чыгарууга аракети күч. Ошондуктан ар бир кыргыз алдын-ала ойлонгула, ынтымактуу болбосоңор келечекте бизди башка адамдар башкарып кул болуп калабыз, эсиңерге келгиле.  Келе жаткан жылы дүйнө жүзүндө жаратылыш кырсыгы көп катталып, АКШда кыргын болуп ооруу күчөйт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости