www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген пенсионер Ольга Коркинанын жана 6 жашар Мирландын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, материалдык жардам берди.

«Социалдык аяр катмардагы жарандар мамлекеттин, социалдык жана медициналык кызматтардын өзгөчө көңүл буруусуна муктаж. Өкмөт өз кезегинде медициналык жана социалдык тейлөө сапатын жакшыртуу, тоскоолдуксуз чөйрө үчүн шарттарды түзүү үчүн күч-аракетин жумшайт», - деди Эльвира Сурабалдиева жана аларга чың ден-соолук жана бакубаттуулукту каалады. 

Вице-премьер-министр мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын жаңы жыл майрамы алдында аяр катмардагы жарандарга көңүл буруп, алардын абалынан кабар алууга чакырды.

Соңунда аталган жарандардын тийиштүү жардам алуусуна көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости