www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Абидовдун Ош ОИИБге начальник болгону күлкү жаратты

Ош ОИИБнин начальниги болгон Жеңиш Абидовго милиция катмарындагы профессиналдар мыйыгынан жылмайып турушат. Себеби, анын билими, тажрыйбасы жетишсиз экени айтылууда.

Башта «Дордой» базарында ГОМдун начальниги болуп, ошол жактан тыйын-тыпыр жасап, бутуна турганы каңкууланат. Кийин элдирселдир иштемиш этип жүрүп, Араван, Панфилов ж.б. РИИБлерде кызматтарда илээшип келиптир. Ал жакында эле Ленин РИИБге начальник катары дайындалып, бирок өздүк курамга күлкү жаратып, иштей албай жаткан чакта ыргып кетти.

Себеби, мурдагы начальник Мадияр Кулуев соттон утуп келип, Жеңиш Абидовду «көчүккө тепкендей» образда кубалап чыккан. Көп өтпөй кызматтык секирик жасады. Ошко барып, алапайын тапкыча кылмышкерлер баш көтөрүшүп, куралдуу талап-тоноолор күч алганы ЖМКларга чыга баштады.

Таңгаласың, бир районду башкара албаган, облусту кантип тейлейт? ИИМ системасында профессионал жетекчилер арбын, бирок алардын таанышы, акчасы болбогону үчүн четте калып келет. Не дейли? Абидов жок дегенде «ошский акцентти» таштап, адабий тилде сүйлөөгө үйрөнүп албайбы? Күйгүзөт да...

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости