www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жылдын дүйнөлүк мыктылары» тууралуу жаздык эле, «Жылдын дүйнөлүк шүмшүктөрү» тууралуу жаза кетели:

Никол Пашинян (Армения)

Пашиняндын Тоолуу Карабахта жеңилип калышы анын кадыр-баркын Арменияда гана эмес дүйнөдө жоготту. Ереван оор кризистик кырдаалга туш болду, Пашинян бул кебетеси менен кылмыштуулуктан качып, саясий эмиграцияга кетери бышык.

Игорь Додон (Молдова)

Төрт жыл президенттик убагын Додон элди алдоо менен өткөздү, ал убадасын аткара албагандыктан «саясий өлүккө» айланды.

Александр Лукашенко (Беларус)

Алтынчы ирет президенттик алган соң Лукашенконун артынан түшкөндөр көбөйдү. Азырынча Лукашенко өз позициясын ачык-айтып билдире элек, балким эми да коомдук-саясий каршылыктардан кутулуп чыгар.

 Эммануэль Макрон (Франция)

2020-жылы ислам дүйнөсүнө тийише койом деп, официалдуу Париж террористтик жардыруулардын туткунунда калды. Тышкы саясий активдүүлүгү  Ливия, Ливан, Түркия, Армениядан соң соолгундай түштү. Пандемия эң биринчилерден Франциянын экономикасына сокку урду.

Урсула фон дер Ляйен (ЕК)

Еврокызматташтык өз таасирин жоготуп баратат. Улуу Британияга окшогон дүйнөлүк мамлекеттер бул жактан куйругун түйө баштады.

 Ярослав Качиньский (Польша)

 2020 жылы болгон масштабдуу башаламандыктар Польшанын лидери  Ярослав Качиньскийдин болгон кадыр-баркы төгүп салды. Андан тышкары Польша менен Брюсселдин ортосунда келишпестик жана Качиньский тызылдап колдогон Дональд Трамптын жеңилиши Польшанын тышкы дүйнөдө ишин бүткөзүп турат 

Мило Жуканович (Черногория)

 Мило Жукановичтин 30 жылдан бери келаткан башкаруу рычагы черногориянын оппозициясынын баш көтөрүүсү менен тамам болуп келатат.

Хашим Тачи (Косово) 

Көп жылдардан бери иликтөөлөрдөн соң Гаагадагы Кососво боюнча Атайын трибинул 1998-2000-жылдардагы иштери боюнча Хашим Тачини күнөөлөй баштады.

 Биньямин Нетаньяху (Израил)

Израилди канчалык көтөрмөлөйүн дегени менен Нетаньяху коронавирус боюнча эң жаман жыйынтыктар боюнча бул жылды жыйынттыктаган турат.

 Халиф Хафтар (Ливия)

Ливиянын улуттук армиясы Халиф Хафтардын жетекчилиги алдында 2020-жылы өтө оор соккуларды алды. Ливияны бириктирем деген ойлорунун таш-талканы чыгып жарандык чыр-чатактар учурунда жарамсыздыгы үчүн Хафтар көптөгөн ойлордон баш тартууга тийиш.

 

«Жылдын дүйнөлүк мыктылары» :

Дүйнөлүк саясатчылардын тизмесине кыргыз саясатчыларынын кириши ибул түштөқ көрбөгөн нерсе. Дайыма алдыңкы орундарды ээлеп келген Дональд Трамп менен Владимир Путиндин аттары быйыл тизмеге илинбептир. Тизменин башында Си Цзиньпин (Кытай) турат. Себеби, эмнеде, быйыл жыл өтө оор болду, коронавирус деген балакет чыгып алып мен деген саясатчыларды арткы орунга сүрүп салды. Быйылкы жылдын 10 мыкты саясатчысыны айта кетели:

Си Цзиньпин (Китай)

КЭР эң биринчилерден коронавирустун мурдун канжалатып, дүйнө алдында жакшылыктын белгисин коюп койду. Кытай алдыны көздөй кадам таштап, артка кетип бараткан экономиканы ооздуктап, өзүнүн дүйнөдөгү позициясын бекемдей алды.  Эмки жылы Япония жана Түштүк Корея менен биригип эң күчтүү экономикалык кластерди куруу аракетин баштады. 

Реджеп Тайип Эрдоган (Түркия)

Түркиянын президенти тышкы саясаттын «шахматтык доскасында» Ливия, Сирия, Жер ортолук деңиздитн чыгышында жана Кавказда  өз жүрүштөрүн түз ойноп, бюардык жерде жеңиш менен чыкты. Эрдогандын саясий оюндары геосаясий жүрүштөрдө  аймактарда анын ким экенин билдирип, алдыны көздөй оозуп баратат.

 Нарендра Моди (Индия)

Индиянын премьер-министр көп вектордуу саясатта өзүнүн мастер-класс экенин билдирди.  Модинин жетекчилиги менен Индия АКШ менен согуштук маалыматтар боюнча келишимге кол коюп, Орусиядан С-400тү  алууга макулдашып, Кытай менен чек ара чатактарын тыйып, дайыма кас келаткан Пакистан менен чыр-чатактарды тыя алды.

Садыр Жапаров (Кыргызстан)

Кыргызстанда болуп өткөн башаламандык көптөгөн дүйнөлүк саясатчыларды чоочутуп койгон. Мурун бийликтин шатысында экинчи ролду ойноп келаткан Садыр Жапаров түрмөдөн түз эле президенттин милдетин аткаруучу каатры келип, надан соң өкмөт башчысы катары башкаруу тармагын жөнгө салып, азыркы президенттик жарышта өзүн алдыңкы орундарга чыгарып, өлкөнү башкара турган адам бар экенин билдирип койду.

Камала Харрис (АКШ)

Азыркы АКШ президенттин вице-президенти Камала Харрис келечекте өзүн перспективдүү саясатчы экенин аныктай алды.

Виктор Орбан (Венгрия)

Премьер Венгриянын премьери  Виктор Орбан Жорж Соростун оозу- мурдун тумчулап дүйнөлүк аренада көрүнүктүү саясатчылардан экенин айгинелеп койду. 

 Ингрида Шимоните (Литва)

Ингрида Шимоните “Союз Отечества - Литовские христианские демократы” партиясын жетектеп Литва Республикасынын Сейминде көрүнүктүү ролду ойноду.   

Майя Санду (Молдова)

Президенттик таймашта мурунку президент Додонду жыга түртүп Майя Санду алдыга чыкты. Батышчыл Санду эми кайсы тарапка барарын турмуш көрсөтөр.

Ильхам Алиев (Азербайжан)

Тоолуу Карабахтагы Ильхом Алиевдин жеңиши аны да бир тепкичке алдыга түрттү.

Луис Арсе (Боливия)

Эво Моралестин кызматынан кеткени Луис Арсени алдыга түрттү.  Балким анын жеңиши Боливияда тынчтыкты орнотор.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости