www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен УКМКнын Жогорку соттун төрайымына козгогон кылмыш иши боюнча пикирин уктук.

- Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага УКМК кылмыш ишин козгоду. Бирок, муну айрымдар сотторго болгон басым, кысым дей башташты. Бу сапар бийликтин укуругу элдин нааразычылыгын жаратып, өз билгенин жасаган сотторго да жеттиби?

-Мыйзам алдында баары бирдей болууга милдеттүү.  Жогорку Соттун төрайымысыңбы же УКМКнын төрагасысыңбы, эгерде тергөө органдары кылмыш иш козгосо, негиз жана факты бар үчүн козгоду да. Жооп бер, күнөөсүз болсоң тергөөдө, сотто күнөөң жок экенин далилде. Сот системасына коомчулукта нааразычылык абдан күчтүү. Мына эми Гүлбара Калиева өзүн-өзү коргойм деп жатып, башка жакындарынын да «былыктарын» коомчулукка чыгарып алды.

- Жогорку соттун төрайымынын жан далбастап адилеттик издеп жатканы былык иштерин жаап калуу аракетиби же камалып калбастын айласыбы?

- Козголгон кылмыш иштер боюнча адилеттикти бир гана сот органдары чыгарат. Президент болсо соттолгон адамга кечирим берет. Жогорку Кеңеш болгону мунапыс берет. Саясат кыла турган саясый кылмыш иштер болот, бирок пара алып кармалганы же кызматтык башка кылмыш кылганы ал түгүл адам өлтүргөнү деле кылмыш ишине «саясый боёк» бергиси келгени туура эмес.

- Айтмакчы УКМКга жана башка органдарга Бакиевчилер келип жатат деген пикирлер айтыла баштады. Бул боюнча оюңуз кандай?  Мүмкүн Жогорку Соттун төрагалыгына да бакиевчилер келе жаткан жокпу?

- Мындай ойду чыгаргандар трайбалистер! Алар ар дайым ушундай ой пикир жаратышып, кыргызды түштүк-түндүккө бөлүп келишет. Экинчиден, Жапаров-Ташиев тандемин бузууга багытталган максаттуу ой-пикир. Эмне дегенде Жапаров-Ташиев командасында, өтө амбициоздуу жаш кадрлар көп. Мисалы, Курманкул Зулушев менен Сыймык Жапыкеевди алалы. Курманкул Зулушев чыныгы көз карандысыз судья, адилеттүү укукчул адис экенин, Атамбаевдин каардуу заманы күч алып турганда актоо өкүмүн чыгарып иш жүзүндө өзүн көрсөтө алган. Ал эми Сыймык Жапыкеев «кухнясында» олтуруп алып, «олигархтарды кустурам»- деп жатып эле, чоң саясатка келбедиби?!

Демек, булардын аң сезиминде адилеттүүлүк үчүн күрөшөм деген дымагы бар адамдар. Азыр мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өздөрүн эми иш жүзүндө көрсөтүшсүн. Мезгил тараза дейт, алардан да сурай турган убакыт тез эле келет. Ушундай жүрөгүндө, канында дымактары бар адамдарды кызматка тартпаганда, «саясий партиялар жоюлса өлүп калабыз»- дегендерди алып жүрө беришибиз керекпи? Жогорку Соттун башына да, харизмасы бар, адилетчил, сот системасын башка бийлик бутактарынан коргой алган, салмактуу, тажрыйбалуу адам келсе, Кыргызстаныбызга, элибизге абийир эле болот!

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости