www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Разаков Жеңиш Парпиевичтин отставкасы кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду" деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.
Айрым такталбаган маалыматтар боюнча Жеңиш Разаков бошоткон вице-премьер-министрлик кызматка Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев дайындалганы жатат. Ал коопсуздук кызматына өткөн жылдын 4-февралында дайындалган. Ага чейин ИИМде ар кандай жетекчилик кызматты аркалап, 2008-2010-жылдары Нарын облусунун губернатору болгон.
Булак: NazarNews.kg