www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров “Мен - кыргызмын” деген аталышта китебинин бет ачаарын өткөрдү. “Мен - кыргызмын” китебинде 1986-2020-жылдар аралыгындагы эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхы, саясый-экономикалык реформалары, президенттер, үй-бүлөөлүк башкаруу, коррупция, 1990-2010-жылдардагы түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдар, “Аксы окуясы”,2005-жылдагы март, 2010-жылдагы 2010-жылдагы апрель элдик ыңкылаптары, “Прихватташтыруу”, кредиттер, Кумтөр, алтын чыры жана башка далилдер, ошол мезгилдин айрым каармандары жөнүндө архивдик жана ал окуяларга байланышкан расмий материалдар, актылар менен коштолуп жазылган.
Аталган китепте 1986-200-жылдардагы саясый окуялар, А.Масалиевдин бийликке келиши жана кетиши, биринчи президент А.Акаевдин бийликке келиши жана анын жүргүзгөн саясый-экономикалык реформалары, Кыргызстан демократиялык кыймылы, “легендарлык парламенттин” иши, жана башка саясый окуялар жөнүндө жазылган.
Китептин соңунда, Президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши А.Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун жеке эрегиши, Атамбаевдин ишке ашпай калган козголоңу, Туруктуу элдик кеңештин курултайлары, анын чечимдери, чечимдерди аткаруу боюнча комитет, анын иш-аракеттери жөнүндө жазылган. Аталган китеп тарыхчыларга, саясат жана укук таануучуларга, студенттерге, Кыргызстандын тарыхын, элин-жерин урматтаган, сыйлаган окурмандардын кеңири чөйрөсүнө багышталган.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун китебинин ачылышына Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу саясатчылар келип катышты. Бекназаров өз сөзүндө, “Бул жерде тарыхый инсандар олтурасыңар. Кокус ушул китепте өзүңөрдүн туура эмес жериңер болсо кечирим сураймын, ачуу чындыкты жаздым. Чындык жазылган, каттуурак тийсе алдын-ала расмий түрдө кечирим сураймын, кечирип койгула! Албетте бул китеп азыр тарых эмес, 10 жылдан кийин тарыхка айланат!”, деди Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаровдун сөзү төмөнкү тасмада толугу менен...
Булак: NazarNews.kg