www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбековду сындыруунун артында эмне жатат?

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн экс-депутат Равшан Жээнбеков дагы камакка алынып, ушул кезде сурак берип жатат. Тергөөлөрдө маалым болгондой Жээнбеков Кой-Таш окуясында эч кандай мыйзам бузууларга барбагандыгын, болгону арачы болуп гана жүргөнүн айтып келет.

Анын адвокатынын айтымында Жээнбеков камалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагында ага карата кысым жок экенин айткан. Ошону менен катар тергөөнүн жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү туурасында сунуш болгонун да адвокатына айткан.

"Атамбаевге каршы көрсөтмө бериңиз, үй камагына чыгаралы" деген сунуш болду. Мен саясий компромисске бара аларымды, бирок жалган көрсөтмө берип, ар-намысымды сата албай турганымды айтып, баш тарттым», - деп билдирген Жээнбеков. Бул маалымат боюнча мамлекеттик тергөө кызматы эч кандай билдирүү айта элек.

Коомчулукта буга чейин тергөө кызматы абакта жаткан саясатчыларды ар кандай кызыкчылыктарга пайдаланып жатканы айтылып келген. Кандай болсо да Равшан Жээнбеков буга чейин жаштарды келечек үчүн күрөшүүгө жана сынбоого чакырган. Аягына чыга алабы же өзү айткан бийликтин "саясий сунушуна" моюн сунабы?

Булак: "Факты.kg"

 

Последние новости