www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кордай районундагы чыр-чатактан Казакстандан Кыргызстанга чек ара пункттарынан 24 миң киши өттү. Бул тууралуу Жымбыл облусунун жаңы акими Бердибек Сапарбаев Сортобедеги брифингде билдирди.
“Аухатты”, “Карасу” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде чектөөлөр жок. Азыркы учурдагы акыркы маалыматтарга карганда 24 миң киши Кыргызстан тарапка өткөн.
Кечээ Кыргызстанга качкан аксакалдар, аялдар жана жаштар кайра Казакстанга кайта башташты”,-деп журналисттерге Бердибек Сапарбаев айткан.
Кечээ кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурдагы Жамбыл облусунун акимин жумуштан бошотуп, акимдикке Бердибек Сапарбаевди дайындады..
Буга чейин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы чек арадан 4 миң гана киши өткөн деген маалымат берген.
Казакстандын расмий кабарына караганда бул чыр-чатакка 1 миң киши катышып, алардын 11и каза болсо, 40ы жараат алып, 50сү кармалды. Бул кагылыштын кесепетинен 30 дан ашуун үйлөр, 15 соода обьекти, 23 автоунаа жабыр тартты.


![]()

Учурда Кордай районунда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.
Булак: NazarNews.kg