www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биринчи байлык ден соолук» дегендей, жаңырган жаңы жылда биз ден соолук темасына көңүл буруп, бул жаатта мындан ары дарыгерлер менен болгон маекти, алардын кеп-кеңештерин сиздерге сунуштап турмакчыбыз. Бүгүнкү биздин төрдүн коногу иимдин медицина кызматынын жогорку категориядагы невролог дарыгери Бегалиева Супарна Фронтбековна.

Супарна айым, күнүмдүк жашоо турмушубузда «бүт нерсе нервден башталат» деген сөздөрдү көп угуп жүрөбүз. Алгач нерв тутуму, анын адамдын жашоосундагы ролу тууралуу кеп баштасак.

 -Нерв тутуму, мээ адамдын организминде эң негизги ролду ойнойт. Бардык нерсе мээден келип, жүрөктүн иштешине (сүйүнүч, кайгыруу сезимдерине ж.б.) команда берилет. Медицинадагы биздин профессорлор айткандай: «что упало, то пропало», нерв клеткасын кайра калыбына келтирүү өтө кыйын. Азыр оорулардын баары заманга жараша болуп жатат десек болот. Мурда инсульт, инфарк, депрессияга кабылуу ж.б. улгайып калган адамдарда кездешсе, бүгүнкү күнү ал оорулар «жашарып» жатат, анткени учурдагы жашообуздагы көрүнүштөр ага себепкер болууда. Бардык оору нервден башталат деген туура, мисалы, адамдын нерв тутуму тынч болбогон учурда ашказан, жүрөк оорулары күчөйт. Кан басымы көтөрүлгөн учурлар да бүгүнкү күнү «жашарды», негизи эле бардык оорулардын 70 пайызы нерв тутумунун таасири алдында жаралат десек болот.

-Сизге кайрылган милиция кызматкерлеринин арасында кайсыл оорулар көп кездешет? Себеби эмнеде?

-Бизге кайрылган милиция кызматкерлеринин оорулары көбү жумуштарына байланыштуу десек болот. Кызматкерлердин арасындагы оорулардын алдын алуу максатында биз жыл сайын медициналык кароодон өткөрүп, тийиштүү кеп-кеңештерибизди айтып келебиз. Республикабызда ар убак түрдүү кырдаалдар жаралып, митингпикеттер өтүп турганы (мисалы, Кой-Таш окуясы) турмуш чындыгы. Андай учурда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, дайыма алдыңкы катарда жүрүшөт эмеспи. Дал ошол учурларда травма алган, элден тил угуп нерв болгон мезгилдери болот. Анын баары чогулуп келип, бир ооруну жаратат. Травма алган кызматкерди биз ошол замат каттоого алып, оорусу курч мезгилинде аны ооруканага жаткырып дарылаганга аракет кылабыз. Андан сырткары, ар алты ай сайын алардын ден-соолугун текшертип, дарыланып туруу керектигин эскертебиз. Бирок, өкүнүчтүүсү, бардык эле кызматкерлер убагында келип дарылана алышпайт. Аны менен бирге инсульт оорусу, кан басымы көтөрүлүү, стресске кабылуу, уйкусуздук, сырткы кызматтарда иштегендердин арасында омуртканын грыжасы кеңири тараган. Андай оорунун белгиси байкалган кызматкерлерге атайын көнүгүүлөрдүн буклеттерин берип, турникке тартынууну, дене тарбия сабактарына барууну сунуштайбыз. Эң негизги көңүлдү оорунун алдын алууга буруп, бул багытта кандай аракеттерди жасоо керектигин кызматкерлерге дайыма айтып келебиз. Оорунун пайда болушуна тамактануу да таасирин тийгизет. Мисалы, кызматкерлер көбүнесе сыртта жүрүп, кургак тамактар менен тамактанышат же кечке чейин ачка жүрүп, үйүнө келип гана тамактанышат.

-Кызмат деп жүрүп айткан сөздү кулактын сыртынан кетирип, кеч кайрылган учурлар барбы?

-Ооба, ишке алаксып жүрө берип, качан гана оору өтүшүп кеткенде бизге кайрылгандар кездешет. Мисалы, нерв тутуму стресске кабылып, анын кесепетинен кандагы канттын өлчөмү көбөйүп кеткен, травма алып, бирок убагында дарыланбаган, стресске кабылган ж.б. учурлар көп. Андай учурда амбулатордук түрдө дарылап, жардам көрсөтөбүз. Бирок, келип кеткенге кыйын болуп, оорусу күч болсо ооруканага жаткырабыз. Аны менен бирге алыскы облустардан келген бейтаптарды да өз убагында кабыл алып, жаткырып дарылаганга аракет кылабыз. Анткени, көпчүлүгүнүн шаарда үйлөрү жок. Айрым бейтаптар башка дарыгерлерге кайрылып, дарыланып жүрө беришет. Эч кандай жардам болбогондо гана бизге кайрылат, анткени анын оорусунун себеби нерв тутумуна байланыштуу экенин түшүнөт.

-Стресске кабылган учурда чет өлкөдө жарандар сөзсүз психиатрга же психологго кайрылышат эмеспи. А биздечи?

-Бизде мурда психиатр бар болчу, азыр жок. Бизге кайрылган кызматкерди «психиатрга барыңыз» десек, «эмнеге мени психиатрга жөнөтүп жатасыз? Мен нормалдуу эле турам го?!» деп айрым учурда катуу айтышат. Чет өлкөлөрдө ар бир адамдын өзүнүн кайрылган психиатры, психологу бар. Азыркы жашоодо бул бизге керек экенин айтып жеткире албайсың, бирөө түшүнсө, экинчиси түшүнбөйт. Ооруп келген адамга ошол замат эле жанталашып ийне сайып дарылабастан, алгач витамин, дары-дармек берип, алдын ала аңгемелешүү зарыл. Туура диагноз коюп, туура дарылаш үчүн, биринчи кезекте бейтапты уга билүү керек. Оорунун эмнеден пайда болгонунун себебин билсең, аны дарылаш да, диагноз коюш да жеңил.

-«Нервди дарылатыш керек эле» деп айткан адамдардын кептерин баарыбыз эле угуп жүрөбүз, алтургай өзүбүз да айрым учурда андай кепти айтуудан куру эмеспиз. Айтыңызчы, кантип нервди дарылатса болот?

-Эми андай учурда «мен сабырдуу болушум керек», «мен токтоо болушум керек» деп өзүн-өзү кыйноонун, күчтөп бардык нерсени ичке ката берүүнүн кереги жок. Сабырдуулук да жакшы деңизчи, бирок ичтеги кыйнап жаткан нерсени айтып, денеңдеги болгон немени чыгарыш керек. Чет өлкөдө эмне себептен психологго барышат? Мына ошол ичте топтолгон букту айтып чыгарышат, айтылган нерсе психолог менен пациенттин ортосунда сыр бойдон калат. Бизде болсо бул бирөөгө айтып жиберет, анан тигил дагы бирөөгө айтат, ошентип ушакка айланат деп коркушат. Азыр бирөөнүн көйгөйүнүн бирөөгө кереги жок, баарыбыздын көйгөйүбүз жетиштүү. Ар бир нерсеге, албетте, адамдын реакциясы болушу керек, ал организмдин реакциясы. Бирок, дайыма эле ал нерсе уланып баратса же ал адам үйүнө барып жинденип бала-чакасы менен деле урушуп жатса, демек, абал жакшы эмес. Анда дарылаш керек. Дарылаш керек дегенде адегенде эле күчтүү дарыларды ичпеш керек, биринчи себебин билиш керек. Мисалы, кан басымы түшүп кеткенде, грипп болгондо да адам шалдырап, бат-бат жини келип, чарчап турат. Себебин аныктагандан кийин витамин, чөптөн жасалган дарыларды, бал кошулган чай, жатаарда жылуу сүт ичүүнү сунуштайбыз, анткени алар эс алдыруучу касиетке ээ. Эгерде бул айтылгандар жардам бербесе, дарыгерге кайрылып, жазып берген дарыларды ичип, тамчылатма укол алып дарыланыш керек.

-Нерв оорулары аялдар арасында көп кездешеби же эркектер арасындабы?

-Азыр бирдей болуп калды, тескерисинче эркектер арасында көбүрөөк кездешет дейт элем. Анткени, аялдар ыйлап-сыктап, тааныш-билишине айтып дегендей ичтеги буктарын чыгарып алышат, ал эми эркектер көбүнчө ичтеги бугун чыгара алышпайт, ичине катып жүрө беришет. Спирт ичимдиктерин ичип олтуруп досторуна айтып алышы мүмкүн, бирок баары эмес. Айрымдар нөөмөттө тургандыктан, түнкүсүн укташпайт, ичиндеги бугун чыгара албайт, анан нервге күч келет…

-Айрым адамдарды «нерви жука» десек, айрымдарды «нерви калың экен» деп калабыз…

-Ооба, ошентип айтылат, анткени ар бир адамдын нерв тутуму эки башка, таптакыр окшошпойт. Бул нерсе ар бир адамдын түзүлүшүнөн көз каранды. Кээ бирөөлөр абдан сабырдуу, көп нерсени көтөрө билсе, айрымдар кымындай нерсени көтөрө алышпайт. Бирдей эле көйгөйдү ошол эки киши эки башкача кабылдашат.

-Супарна айым, оорубаш үчүн сабырдуу болуп, нервди сакташ керек экенин билебиз. Нервди кантип сактасак болот, дарыгер катары Сиздин кеңешиңизди уксак?

-Нервди сакташ үчүн түптүз жумушка бармай, кайра түптүз үйгө келмей, эч ким урушмай жок десек туура болбой калат. Адамдар менен мамиле түзүшүбүз керек, ансыз мүмкүн эмес. Нервди сактаганда эмне, убагында иштеп, эс алганды да билиш керек. Ага кошумча дене тарбия менен машыгуу керек. Мен омуртканын грыжасы менен ооруган, травма алган кызматкерлерге биринчи орунда дарылоо көнүгүүлөрүн (ЛФК) жасоо зарылдыгын дайыма айтып келем. Булчуңдар жакшы иштесе, чоң грыжа болсо да тынчыңарды албайт. Көп бассаңар, муундар оорубайт. Аны менен бирге ашыкча тоюп алуудан сактанып, убагында тамак ичүүгө адам көнүшү керек. Дагы бир кошумча, ар бир адам телевизор көрүп, телефон кармоону азайтса дейт элем. Сууда сүзүү, таза абада көбүрөөк жүрүү керек. Ага кошумча жаз-күз организмдин иштөөсүнө колдоо көрсөткөн витаминдерди ичип коюу пайдалуу. Сергек жашоону адатка айланткан адам ооруга аз чалдыгат жана кеч картаят. Андыктан, ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда, ага алдын ала кам көрүү гана керек.

-Маегибиздин аягында өзүңүз тууралуу кыскача айта кетпейсизби?

-Өзүм  тууралуу  айтсам, 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагам. Интернатурадан өткөн соң, Чүй облустук ооруканасында невролог болуп көп жыл иштедим. Ошол жылдары түнкү нөөмөттө да иштеп, түрдүү бейтаптарды кабыл алып дарылап, абдан чоң тажрыйба топтой алдым десем болот. 2008-жылдан бери ушул ИИМдин Медицина кызматында невролог дарыгери болуп иштеп келе жатам. -Рахмат Сизге, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

Ырысбүбү Сагымбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости