www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында өткөн жылы курулган жер асты өтмөгүнө дагы 8 миллион 735,2 миң сом керек болууда. Шаар мэриясы шаардык кеңештен быйылкы жылдын бюджетинен ушунча сумманы төлөп берүүнү суранды. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары бул маселе “таза эместигин” айтышып, андан баш тартышты да тийиштүү токтомду чыгарышты.
Эгер жер асты өтмөгүнүн таржымалына кайрылсак, аны куруу идеясы 2016-жылы пайда болгон. Борбордук Ленин көчөсүндө унаа агымы өтө көбөйүп, калктын жол коопсуздугу көйгөй жараткан. Ошол кездеги шаар бийликтери борбордук көчөгө удаасы менен эки асма көпүрө куруп, көчөнүн кыйла бөлүгүн кеңейткен. Натыйжада жол кыймылынын коопсуздугу кыйла жогорулаган. Бирок, шаардын дал ортосундагы Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде абал кыйындап, бийликтер тарабынан өткөрүлгөн расмий сурамжылоонун натыйжасында жер астынан өтмөк куруу маселеси чечилген.
Ошентип, 2018-жылы атайын долбоор даярдалып, биринчи жер асты өтмөгүн куруу башталган. Өтмөктүн долбоордук наркы 19 миллион сом деп бааланып, кийин тендердик жалпы чыгымы 12 миллион 801 миң 200 сомду түзгөн.Аткаруучу фирма да аныкталып, ал курулушту алып барган. Кызык жери, курулуштун долбоордук сметасына эң керектүү болгон бетон менен арматуранын наркы кошулбай калган экен! Муну шаардык курулуш департаменти техникалык катачылык (!) деп түшүндүрүүдө.
Шаар бийлигинин кепилдиги менен аткаруучу фирма курулушту бүткөрдү, эми сметага кошулбай калган 5 миллион 786 миң 200 сомду төлөп берүүнү талап кылууда. Бул сумма шаар мэриясы тарабынан өткөн жыл ичи шаар бюджетине киргизилбей калгандыктан, эми аны быйылкы бюджетке чыгым катары кошуу зарылдыгы келип чыкты. Шаардык кеңештин февраль айында өткөн сессиясында бул маселе депутаттардын катуу нааразылыгын пайда кылды. Айрым депутаттар бул сумманы күнөөлүү тарап соттун чечими аркылуу төлөсүн десе, айрымдары мында коррупциялык схема барлыгына шектенип, иликтөө зарылдыгын айтышкан. Акыр аягында шаардык кеңеш Ленин-Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан өтүүчү өтмөктүн сметасында кетирилген техникалык катачылык үчүн 5 миллион 786,2 миӊ сом акча каражатын төлөө шаар мэриясынын алдындагы объектини кабыл алган комиссиянын корутундусунун негизинде болорун белгилеп, кабыл алган комиссиянын корутундусу канааттандырарлык эмес чыккан учурда тийиштүү органдарга өткөрүп берүү жагын Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине жүктөдү.
Албетте, кабыл алуу комиссиясы иш алып барат, анан фирманын алдындагы мэриянын карызын жабуу зарылдыгы менен 5 миллион 786,2 миң сомду төлөп берүү чечимин кабыл алышат дейли. Бирок, бул сумма 12 миллион сом тендердик нарктагы иштин 44 пайызынан көбүрөөгүн, же дээрлик жарымын түзөт. Ал долбоордук сметага кантип кошулбай калган? Ким тарабынан катачылык кеткен? Бул катачылык иштин башында аныкталса да эмне үчүн сумманы төлөп берүү маселеси өткөн жылы чечилген эмес? Долбоордо каралбаган иштер кантип жасалып, кантипкурулуш аягына чыгып кеткен? Эмне үчүн элдин акчасынан чогулган шаар бюджетине ушундай жүр-нары мамиле болуп жатат? Бул суроолорго тийиштүү укук коргоо органдары жооп таппаса, башкасы таппайт көрүнөт.
Деген менен, жер асты өтмөгүнүн кошумча чыгымы ушуну менен эле бүтпөптүр, чала калган иштери үчүн быйылкы бюджеттен дагы 2 миллион 949,1 миң сом бөлүндү. Ошентип, 12 миллион сомдук жер асты өтмөгүнө шаар бюджетинен эми кошумча 8 миллион 735,2 миң сом бөлүнүп жатат да, жер өтмөктүн жалпы наркы 20 миллион сомдон ашып кетти!
Болору болду дейли, эми быйылкы жылы да Жалал-Абад шаарында жер асты өтмөгү курула турган болду. Ага шаар бюджетинен бул максатта опол тоодой каражат каралды. Шаар мэриясы, тийиштүү кызматтар бул жолкусунда нормалдуу иш алып барышабы же дагы эле чалакайымдыгын көрсөтүп, элдин акчасын ар кайсы шылтоо менен чачышабы, аны мезгил көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg