www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого үгүт иштери башталды. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
Маалыматка караганда, үгүт өнөктүгү 13-марттан 11-апрелге чейин уланат. Шайлоого катышууга катталган саясий партиялар үгүт иштерин алдын ала аккредитациядан өткөн маалымат каражаттары жана алардын интернет сайттары аркылуу гана жүргүзө алышат. Ал эми социалдык тармактар үгүт аянтчасы болуп эсептелбейт жана БШКнын көзөмөлүнө алынбайт.
“Соцтармактарда жүргүзүлгөн чаралар үгүт деп эсептелбейт. БШКнын ал жакты тескегенге чама-чаркы жок. Мыйзамда да соцтармактарды тескөө чаралары каралган эмес”,-дейт Бегматов.
Бегматов бирок интернет айдыңында саясий партиялардын кадыр баркына доо кетирген чакырыктар жасалса, териштирилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт. Аталган күнү Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаардык жана бир катар айылдык кеңештердин депутаттары шайланат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 22 саясий партия ат салышууда.
Булак: NazarNews.kg