www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл районунда алкоголдук ичимдикти мажбурлап ичиргенден улам каза болгон 6 жашар баланын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Анда каза болгон баланын энеси менен чогуу жашаган шектүүнү сот күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, тестиер 2019-жылдын 12-июль күнү ооруканага арактан ууланып түшкөн. Укук коргоо кызматкерлерине тестиердин 30 жаштагы апасы 60 жаштагы жаран менен бирге жашап, 11-июлда түндө өзүнүн курбусу менен үйдө арак ичкенин айткан. Андан соң ал жерге курбусунун жолдошу келип кожойкени сабап жиберген. Келин ал жактан качып кетип, үйгө түн ортосунда келген. Анын айтымында, ошол маалда уулунун уктап жатканын көрүп өзү да жатып алган. Эртең менен турганда баланын абалы начар экенин көрүп дарыгерлерге кайрылган.

Окуянын башка катышуучулары да көрсөтмө беришкен. Алар кийин үй ээсинин А.П. аттуу 31 жаштагы уулу келип, алар менен чогуу арак ичкенин айтышкан. Арак жок калганда түндө дүкөнгө барып, андан ары башка үйдө ичишкен. Алты жаштагы бала аларды ээрчип келип, курсагы ачканын айткан. А.П. аттуу жаран анын колуна помидор карматып, күч менен эки стакан арак ичирип, тестиерди башка чапкан. Бала кайра үйгө кетип калган.

Оорукананын башкы дарыгеринин айтымында бала аракка ууланып калгандан кийин ата-энеси анын абалын сурап ооруканага бир да жолу келген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости