www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдагы Иу шаарында 24 жаштагы кыргызстандык кыз Айдай Закиралиева балкондон кулап кетип, тез арада жасалчу операцияга муктаж болууда. Бул маалыматты анын эжеси Эльмира Кылычбаева өзүнүн Фейсбук баракчасынан билдирди.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 6-март күнү Иу шаарынын ооруканасына экинчи кабаттын балконунан кулап кеткен 24 жаштагы кыргызстандык жеткирилгенин жана медиктердин көзөмөлүндө экенин билдирген.
Министрлик Айдайдын коронавирус жуктуруп албагандыгын дагы бир ирет тастыктады.
"Айрым социалдык тармактарда ал кыз коронавирус жуктуруп алгандыктан, экинчи кабаттан секирип кеткендиги тууралуу айтылган. Бул маалымат чындыкка туура келбейт. Жабырлануучу кокусунан кулап кеткен",-деп ведомстовдон билдирген.
Кыргыз жараны дарыланып жаткан оорукананын дарыгерлери аны транспорт менен ташуу ден соолугуна залакасын тийгизерин айткан. Айдай учурда күнү-түнү медиктердин көзөмөлүндө.
"Айдайдын ата-энеси айылда турушат. Алардын туруктуу кирешеси жок. Жаш кыздын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар жардам берүүңүздөрдү суранам”,-деп Эльмира Кылычбаева жазып чыккан.
Анын туугандары учурда операцияга жана дарыланууга акча издеп жатат. Кылычбаеванын айтымына караганда, кыздын операциясына болжол менен 80 миң юань (800 миң сом) керектелет.
Булак: NazarNews.kg