www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Мамбетжунус агай, быйыл өлкөдө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Мезгилинде Борбордук Шайлоо Комиссиянын жетектеген инсан катары биз Сизден ушул жылкы шайлоо тууралу пикириңизди угалы дедик эле…

– Биз демократияга бет алгандан бери, бизде өлкө башчы, парламент жана жергиликтүү бийлик шайлоо жолу менен тандала баштады. Элдин добушуна ээ болуш үчүн биздин өлкөдө саясый атаандаштык курчуп жатканынын көрүп турабыз. Муну демократия алкагында биздин жетишкендик деп эсептесек болот. Бирок бүгүнкү шайлоолордун деңгээли бир тараптан демократияны өркүндөтсө, экинчи тараптан демократияны булгап да жатат. Шайлоодо сатыкка түшүп жаткан элдин добушуна бийлик бөгөт коё албай жатканы буга күбө. Бирок «бара, бара көч оңолот» деп биздин ата бабаларыбыз туура айтыптыр. Парламентке кирген партиялардын басымдуу бөлүгү бүгүн күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо утуулары байкалып турат.

--Алар кайсы партиялар?

--Парламентте отурган партиялардын ичинен «Кыргызстан» саясый партиясы гана бүгүн кайра шайлануу мүмкүнчүлүн жоготкон жоктой сыяктанат. Калгандарынын кайра шайлануусу, менин оюмча күмөнүрөөк.

--Анда жаңы парламентке кайсы партиялар өтөт деп ойлойсуз?

--Кудая шүгүр, биздин өлкөдө партиядан көөмө жок. Алардын ичинде бүгүн парламенттин курамында жок болгону менен, жергиликтүү шайлоолордо утуп жаткан бир топ партиялар бар. Мисалы, «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы. Анын тарыхына баам салсак, ал партия биздин өлкөнүн эң чоң шаарлары деп аталган Ош менен Бишкектин жергиликтүү шайлоолорунда алдыга чыккан партия экени чындык. Ошто биринчи, Бишкекте экинчи орунду ээлеген ошол партиянын бүгүн парламенттин жаңы курамына кирүү мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Мындан сырткары, бириндеп калган Атамбаевтин СДПК партиясынын айрым белдүү депутаттары жана аларга кошулган өлкөнүбүздүн айрым белгилүү инсандары жакында эле «Биримдик» аттуу партияга чогулушуп, парламенттик шайлоого аттанышканы белгилүү болду. Эгер алар шайлоо тактикасынан ката кетирбесе, парламенттин жаңы курамына «Биримдик» партиясы да кириши мүмкүн. Өзүңүз жакшы билесиз, «Ата Журт» жана «Республика» саясый партиялары өткөн парламенттик шайлоо астында бириге калышкан. Бул шайлоодо да алар бириге калышып, же өз өзүнчө шайлоого катышып, өлкөдө бийлик талашты курчутушу мүмкүн.

--Сиз жалаң эле биздин Борбордук Шайлоо Комиссиясын жетектебей, учурунда министр да, ар кайсы мамлекеттерде биздин өлкөбүздүн толук ыйгарымдуу элчиси болуп да иштеген тажырыйбалуу инсансыз. Ошол ички жана тышкы тажырыйбаңыздын негизинде, Сиз биздин өлкөнүн саясый туруктуулугу жана келечеги тууралуу эмнелерди айта аласыз?

--Мен жообумду Сиздин берген сурооңуздун экинчи бөлүгүнөн баштайын. Биздин өлкөбүздүн келечеги болот, эгер биз өзүбүз элибиздин келечегин сактай алсак. Элибиздин келечеги болот, эгер биз жашоо стратегиябызда өзүбүздүн ата салттарын бекем сактоону дайыма ыйык тутсак. Кыргыз эли миң жылдар бою Азия чөлкөмүндө кыргыз боюнча сакталып келе жатат, өзүнүн наркын, ата салтын, улуттук баалуулуктарын жоготпой келе жаткандыктан. Ата салтын, наркын жоготкон эл, бат эле башка элдин кейпин кийип, анан атын да, затын да, өзүн да жоготуп коюшканын унутпашыбыз керек. Ошондуктан биздин өлкөнүн бүгүнкү ички да, сырткы да саясаты, бүгүнкү биздин өлкөнүн Конституциясынын маңызы да улуттук баалуулуктарды сактоого багыталышы керек. Биз улутубузду жоюш же жоготуш үчүн эмес, улутубузду сакташ, байытыш үчүн саясат жүргүзүшүбүз керек. Эми сурооңуздун биринчи бөлүгүнө өтөйүн. Өлкөнүн бүгүнкү саясый туруктуулугун сактоо үчүн ар кандай тактикалык ыкмаларды колдоонуу абзел. Себеби биздин өлкөдө саясый туруктуулуктун бар экенине күмөн жаратканга кызыктар ар кандай топтор чыга берээри бышык. Ал топтордун биринчи баскычтагы максаты – бийликти алсыздандыруу, экинчи баскычтагы максаты – бийликти көз карандылыкка такоо же болбосо бийликти тартып алуу. Сөзүм куру болбос үчүн мен Сизге бир эле мисал келтирейин. С. Жээнбеков Президент болуп такка отурар замат, ага чабуулду анын өзүнүн досу жана колдоочусу А. Атамбаев өзү баштады. Чу дегенде ал С. Жээнбековдун өзүнө түз тийе албай, үй – бүлөлүк башкарууга жол берилбесин деген шылтоо менен, ал анын депутат бир тууган иниси А. Жээнбековду парламенттен кетсин деген талапты жарыялады. Өзүнүн көзөмөлү менен түзүлгөн бүгүнкү парламенттин депуттатары мындай мыйзамсыз талапты колдобой койгондуктан, ал депуттатарды «чимкирик» деп кемсинтип, ошол «чимкириктерди» колдоп жатат деп буга да С. Жээнбековду күнөөлөдү. Мунусунан да майнап чыкпагандан кийин ал Президент С. Жээнбековдун өзүнө түз асыла баштады. Өзү аны Президенттикке талапкер кылып сүрөп чыгып, анан өзү ага шайлоо штабын жана шайлоо командасын түзүп берип, өзү ага шайлоо каражатын чечкенине карабай, ал анын шайлоого жумшаган акча каражатын текшериш керек деп элге жар салды. Мунун эки эле себеби бар. Биринчиси, «Мен досума же жакыныма эмес, Конституцияга жана элге гана баш ийем» деп С. Президент Жээнбеков кесе айтып салганын эл билет. Экинчиси, «Мен өлкөнү коррупциядан тазалайм» деп катаал чараларды ишке ашырууга С. Жээнбеков катуу киришти. Коррупция менен күрөш – бул А. Атамбаевдин өзүнө эле каршы атылган ок экенин түшүнгөндөн кийин, А. Атамбаев өзүнүн досу С. Жээнбековдун өзүн коррупционер кылып көрсөткүсү келип, ага каршы жалган ушактарды таратып, анысы аз келгенсип бийликке каршы Кой-Ташта элди үгүттөп, ортодон бейкүнөө аскер адамы каза таап, калгандары жаракат алып, бийлик акыры А. Атамбаевди күч менен кармоого мажбур боду.

--Эгер А. Атамбаев Сиз айткандай жалган эле С. Жээнбековду коррупция боюнча күнөөлөп жатса, анда эмне үчүн бүгүн «Раим миллион» деген каймана аттка конгон Раим Матраимовду каралаган материалдарды Азаттык радиостанциясы, Клооп интернет сайттары элге жарыялап жатат?

--Муну мен сасыган саясат деп эле баалайм. Кыргыздар «Сасыган ооздон, бүксүгөн кеп чыгат» деп коёт. Атамбаев бийликте турганда, өзүңүз билесиз, ошол Сиз азыр атаган массалык маалымат каражаттарынын бирөө да Атамбаевдин былыктары тууралуу эмне үчүн ооз ачкан эмес? Эгер алар ушундай эле акыйкатты туу туткан массалык маалымат каражаттары болгон болсо, анда эмне үчүн алардын бирөө да Батукаевди бошоткондор жазаланышы керек деп элге жар салган жок?. Анда эмне үчүн алардын бирөө да ЖЭБ боюнча, Кемин – Датка подстанциясы боюнча, туштук-тундук альтернативдуу жолу боюнча, Атамбаев доорунда гүлдөп кеткен коррупциянын бетин ачпай былтыйып отурушкан? Анда эмне үчүн алардын бирөө да Атамбаевдин доорунда өлкөдө аябай гүлдөгөн саясый куугунтукту токтотуш керек деп оозун ачкан эмес? Анда эмне үчүн алардын бирөө да ошол Сиз азыр айтып жаткан «Раим миллионду» Атамбаев учурунда коррупциянын ана башы деп элге жар салган эмес? Себеби алар элге эмес, Атамбаевге гана кызмат кылган, Атамбаевдин эле эшик шыпыргычтары болгон деп эсептейм. Алар бүгүн да Атамбаевтин эшигин шыпырып жалган маалыматтарды элге таратып жатат. Мисал келтирейин, Р. Матраимов Республиканын бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп С. Жээнбеков эмес, так ошол А. Атамбаевдин доорунда иштеген инсан. Туурабы? Эгер ал коррупцияга байланган инсан экени чын болсо, буга С. Жээнбеков эмес, ошол кездеги бажы кызматынын жетекчилери, өкмөттүн жетекчилери же өлкөнүн ошол кездеги жетекчиси А. Атамбаевдин өзү күнөөлүү болуш керек да. Туурабы? Себеби ар кандай мамлекеттик кызматтын жетекчисинин жардамчысы, ошол уюмдун жетекчисинин тымызын буйругу же макулдугу жок бир дагы мыйзамсыз иш кыла албайт. Өз орун басары жасаган кыңыр ишти жетекчи билбей койбойт. Жетекчи шериктеш болбосо, андай опурталдуу кадамга барган кызматкер ошол эле күнү кызматтан четтелип, жоопко тартылат. Р. Матраимов опурталдуу ишке өзү эле башын сала берчү инсан экенине мен такыр ишенбейм.

--Анда эмне үчүн Раим Матраимовго асылып жатышат?

– Раим Матраимов, менин түшүнүгүм боюнча, ишке жөнөдөмдүү, сылык мүнөз, бийлик менен ымаалашып иштей билген, уюштургуч талантка, тажырыйбага ээ инсан экени билинип турат. Ошондуктан ал Бакиев, Атамбаев учурунда да бажы тармагында жооптуу кызматтарды ээлегенге жетишкен экен. С. Жээнбековдун учурунда да ал мындай жооптуу кызматты аткарууга жөндөмү бар инсан экени так билинип турат. Бугун Атамбаевдин эшик шыпыргычтары С. Жээнбековдун жанына ушундай ишке жөндөмдүү адамдар топтолбосун деп аны жалган жерден эле каралап жатышкандай мага туюлуп жатат. Андан сырткары, Атамбаевдин эшик шыпыргычтары Р. Матраимовтун саясатта да салмагы өсүп бара жатканын байкап турушат. Ош менен Бишкек шаарларынын жергиликтүү шайлоолорунда ал негиздеген «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы биринчи жана экинчи орунду ээлеп, бүгүн ал партия Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанганы жатат. Эгер ал партия парламенттин курамына кирсе, анын депуттатары микрофонго жетип, акты ак, караны кара деп калың элге жеткириши бышык. Ошого жеткирбеш үчүн эле Р. Матраимовду биздин өлкөдө каралоо жүрүп жаткандай туюлууда.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости