www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 31-январь күнү Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун, Жети-Өгүз айылында, айылдын эки жүздөн ашык жашоочусу менен айыл башчылары, облустук ыргарым укутуу өкүлүнүн орун басары Дамиев У.
Райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн курамыны катышкан жолугушу болуп өтүү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Жоолугушууда жол көзөмөлдөөчүлөр район аймагындагы жол кырсыктарынын абалы, жол кырсыктарына карата жазалып жаткан талдоонун жыйынтыгы менен айыл жашоочуларына жеткирди. Ошону менен эле бирге жол кырсыктарынын себептерин, ага карата кырсыкты алдын алуу жолдору кызуу талкууга алынды.

Бул жерде айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандык, райондогу жолдордун абалы, унаа каражаттардын техникалык абалы, айылдардагы жол коопсуздук абалы, жаш өспүрүмдөрдү жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча ата-энелердин жоопкерчилиги ж.б.у.с. көп нерселер ортого салынды.

Жыйындын аягында, айыл тургундары тарабынан 2021-жылдын 26-январь күнү район аймагынын Балтабай менен Конкино а. ортосунан, "БМВ" үлгүсүндөгү жана "Субару-Легаси" үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунун кесепетинен эки адам көз жумган бир нече адам оор жаракаттарды алган жол кырсыгында жана жол кырсыктарынан каза болгон жалпы жараандарга куран окулду. Мындай иш чаралар район аймагынын башка айылдырында дагы улантылат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости