www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага аталган райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу, айыл тургундары, имамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышты. Саамалыктын алкагында бир добуштан мечитке “Ысмайыл-Ата” деген аталыш ыйгарылып, салтанаттуу түрдө колдонууга берилди.

“Жаңы мечит болжол менен 100 кишиге ылайыкталып салынды. Анын курулуш иштерине “Катар Хайрия” кайрымдуулук фонду каржылык көмөк көрсөтүп, жалпы жонунан 2 миллион 2 жүз миң сом бөлүп берген. Ошондой эле жергиликтүү эл тарабынан да 500 миң сомго чукул акча чогултулуп, даараткана, хужуркана салынды жана мечиттин айланасы курчалды”, - деди Талантбек Акылбек уулу. 

Бцлак: NazarNews.kg

Последние новости