www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Өмүрбек Бакиров Конституциялык палатанын судьяларынын санын кыскартууну сунуштоодо. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын айтымында, Конституциялык палатада азыркыдай 11 судья эмес, 9 судья болсо болот. Ал кыскартуу “Конституциялык палатанын рационалдуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү” үчүн керектигин белгилейт.

“Конституциялык көзөмөл органдарынын сандык курамын изилдөө соттордун санынын негизсиз көбөйүшү белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келерин көрсөттү. Ар бир судья сотко өзүнүн турмуштук тажрыйбасы, туура көз карашы жана идеялары менен келет, ошондуктан соттун чоң курамы менен компромисске келип, тең салмактуу чечимге келүү кыйын болуп калат”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Өмүрбек Бакиров Грузиянын, Армениянын жана Азербайжандын конституциялык соттору тогуз судьядан, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда жети судьядан тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, соттордун санынын кыскаруусунун дагы бир себеби – республикалык бюджеттин тартыштыгындагы көйгөйлөр. Бул демилгени ишке ашыруу менен жылына 2 миллион 534 миң 24 сом үнөмдөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости